Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 1418-VI
"2016-жылдын 10-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо II фаза" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Суу фондунун каражаттарынан Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы жана "Ошшаарсууканал" муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 17-январындагы № 24 токтому) "2016-жылдын 10-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо II фаза" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFСА) каражаттарынан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Суу фондунун каражаттарынан Европа бирлиги тарабынан берилүүчү, инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы жана "Ошшаарсууканал" муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Д. Толонов
|