Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-апрели № 1468-VI
"2016-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарында каткалаң таштандыларды тескөө системасын жакшыртуу" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Ош шаарында каткалаң таштандыларды тескөө системасын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы, адистешкен муниципалдык "Ош Тазалык" ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 26-январындагы № 47 токтому) "2016-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарында каткалаң таштандыларды тескөө системасын жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Ош шаарында каткалаң таштандыларды тескөө системасын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы, адистешкен муниципалдык "Ош Тазалык" ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|