Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-апрели № 1480-VI
2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчёту жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык 2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Ы.Жолдубаеванын отчётун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Ы.Жолдубаеванын отчёту бекитилсин жана канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- мамлекеттик органдар тарабынан ишкерлерди мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөрдү чектөөгө байланыштуу "Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы Жарлыгынын талаптарын аткаруу тууралуу иштерди улантсын;
- соттук аткаруучулар кызматынын бөлүкчөлөрүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 44-статьясынын 8 жана 9-бөлүктөрүнүн (жазалоолорду мамлекеттин кирешесине айып салуу түрүндө аткаруу жаатында) талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча талаптагыдай иш алып барсын;
- жарандарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу, акталган иштер боюнча жазык иштерин мыйзамсыз козгоо фактылары боюнча иштерди иликтөөнү жана талдоону жүргүзсүн жана кызмат адамдарынын (оперативдүү кызматкерлердин, тергөөчүлөрдүн жана айыптоо корутундуларын бекиткен прокурорлордун) иш аракеттерине баа берсин;
- процесстин катышуучуларынын келишин камсыз кылуу үчүн прокурорлорго иштерди кайтарып берүү фактыларын азайтуу менен сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашыруу процессин создуктурууга жол бербөө боюнча чараларды көрсүн;
- жумушка кайрадан орноштуруу жөнүндө Башкы прокуратурага карата доолор боюнча соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдерин аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
- жазык ишин тергөөдө тергөөнүн караштуулугун бузууга жол бербөө боюнча чараларды көрсүн;
- диний экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иштерге көзөмөлдү күчөтсүн;
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясына жана чет өлкөлүк жарандар үчүн жашап турууга мыйзамсыз 996 уруксат берүүгө тиешелүү кылмыш иштерин тергөөгө жана материалдарды кароого көзөмөлдү күчөтсүн;
- аткаруу бийлигинин органдары тарабынан мыйзамдардын, анын ичинде "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө боюнча ишти улантсын; Жогорку Кеңештин комитеттери менен бирдикте кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын жана алардын натыйжалуулугун текшерүү планын иштеп чыксын;
- тергөө мөөнөттөрү бузулган 4341 жазык иштери боюнча көзөмөлдү күчөтсүн жана чечим кабыл алсын, жазык иштерин инвентаризациялоону жүргүзсүн, күнөөлүү адамдарды, анын ичинде өткөн жылдардагы жазык иштери (коррупция, опузалоо жана пара алуу) боюнча адамдарды жоопкерчиликке тартсын, ал иштерди изилдесин жана мыйзамдуу чечимдерди кабыл алсын;
- Түркияда Кыргыз Республикасынын 98 паспортунун алынышы боюнча жазык ишин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин катышуусу менен тергөөдө укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө маселени карасын;
- социалдык объектилерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын текшерүү жана аларды мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча ишти күчөтсүн;
- кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар тууралуу бардык укук коргоо органдары жана соттор үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМнин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын базасында бирдиктүү базаны түзсүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте жазык-укуктук статистиканы жана анын коштомо компоненттерин түзүү боюнча функцияларды өткөрүп берүү процессин аяктасын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети менен бирдикте сандык жана сапаттык параметрлерин, коррупцияга каршы күрөшүү рейтингин жана адам укуктарын коргоо деңгээлин көрсөтүү менен Башкы прокурордун ар жылдык отчётунун форматын иштеп чыксын;
- экспертизаларды өткөрүү мөөнөттөрүн создуктуруу себептерин табуу жана четтетүү боюнча чараларды көрсүн, Юстиция министрлиги, Эсептөө палатасы менен бирдикте өткөрүүнүн конкреттүү мөөнөттөрүн белгилөө менен экспертиза, аудит жүргүзүүнүн жаңы эрежелерин иштеп чыксын, өткөрүлгөн экспертизалардын мөөнөттөрүнүн бузулушуна жол бербөө жана сапатын жакшыртуу максаттарында эксперттердин штатын көбөйтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин;
- жолдорду, мектептерди жана башка объектилерди куруу сапатынын талаптарын бузуу фактылары боюнча текшерүүлөрдү жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетке жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетке жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|