Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели № 1496-VI
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчетун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши:
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши жөнүндө ар жылдык отчетту даярдоону "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык так жүзөгө ашырсын;
- КТРКнын ишин жакшыртууга, телерадиоберүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган сунуштарга, сын-пикирлерге, кайрылууларга өзгөчө көңүл бурсун;
- кабыл алынган чечимдерди контролдоону күчөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн
Төрага | Ч. Турсунбеков
|