Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели № 1497-VI
"2016-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы, "Ош Тазалык" адистештирилген муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 26-январындагы № 47 токтому) "2016-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы, "Ош Тазалык" адистештирилген муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|