Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели № 1498-VI
"2016-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кара-Суу шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Борбордук Азия үчүн ЕБ Инвестициялык фондунун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагында Кыргыз Республикасынын, Кара-Суу шаарынын мэриясынын жана "Кара-Суу Таза-Суу" муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 17-январындагы № 22 токтому) "2016-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кара-Суу шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Борбордук Азия үчүн ЕБ Инвестициялык фондунун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагында Кыргыз Республикасынын, Кара-Суу шаарынын мэриясынын жана "Кара-Суу Таза-Суу" муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|