Редакцияот 13.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 13-апрели № 1502-VI

"2016-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 8-сентябрындагы "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 3-февралындагы № 66 токтому) "2016-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 8-сентябрындагы "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

  

Төрага

Ч. Турсунбеков