Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели № 1503-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.А.Айдаров, А.А.Арапбаев, Г.К.Асылбаева, Ө.Т.Бабанов, М.К.Жеенчороев, Ф.А.Иминов, А.Ж.Исмаилова, Р.А.Казакбаев, А.С.Өмүрбекова, У.З.Ормонов, Ч.А.Султанбекова, Б.Ү.Сыдыков, Д.Э.Төлөнов, П.Р.Тулендыбаев, Ж.К.Турускулов, И.В.Чудинов жана Ч.А.Турсунбеков демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|