Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" ПРОГРАММАСЫ
Кыргыз Республикасы 2016-жылы эгемендиктин 25 жылдыгын белгиледи. Өлкө калыптануунун татаал жолун басып өттү, мамлекеттик түзүлүштүн негиздери түптөлдү, экономикалык жана социалдык өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетиштик. ЕАЭБге кошулуу Кыргызстандын келечегине кеңири жол ачкан чечимдерден болду.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарын шайлоо биздин саясий системанын жана коомчулуктун бышып жетилгендигин көрсөттү - Кыргызстан тарыхый сыноону көтөрдү жана ачык жана таза шайлоо өткөрдү. Бул мамлекеттин көз карандысыздыгын андан ары чыңдоо жана өлкөдө туруктуулукту камсыздоо жолунда маанилүү кадам.
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен түзүлгөн Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш социалдык-экономикалык өнүгүүдө, эл аралык интеграцияда жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын күч-аракетин координациялоо үчүн натыйжалуу диалог аянтчасы болуп калды. Кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын (ТӨУС) кабыл алды, ал негизинен коомчулук тарабынан жактырылган өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук планы болуп калды.
Жигердүү өнүгүп жаткан экономиканы түзүү жана калктын кирешесин улам көбөйтүп туруу Өкмөттүн биринчи кезектеги милдети болуп эсептелет. Өкмөттүн программасы ТӨУСкө негизделип, жаңыдан пайда болгон жана ЕАЭБге кошулуунун алкагында мүмкүн болуучу чакырыктарга көрүлүүчү чараларды камтыйт, ошондой эле ага саясий партиялар сунуш кылган конструктивдүү идеялар киргизилди.
Азыркы этапта тышкы факторлордун, негизинен дүйнөдөгү жана ЕАЭБдин мейкиндигиндеги экономикалык өсүштүн темпинин басаңдашы менен артыкчылыктуу байланышкан тобокелдиктердин бар экендигин, демек - суроо-талаптын азайышын, эмгек мигранттарынын акча которууларынын көлөмүнүн кыскарышын жана анын алмашуу курсуна таасирин тийгизишин эске алуу зарыл. Өлкөнүн мамлекеттик башкаруу системасын тышкы жана ички тобокелдиктердин таасири астында иштөөгө даярдоо керек.
Биз 2017-жылы кезектеги президенттик шайлоону өткөрө тургандыгыбызды эске алуу зарыл, анын алкагында коомчулуктун алдында тынчтыкты сактоо жана коомдук-саясий туруктуулукту камсыздоо милдети турат.
Өкмөт өнүктүрүүнүн оптималдуу жолун өзүнүн ресурстарына жана өлкөбүздө болгон мүмкүндүктөргө таянып аныктайт. Биз популисттик чечимдерди кабыл албастан, мүмкүнчүлүккө жараша жашоого үйрөнүшүбүз керек.
Аталган факторлорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттү стратегияларын иштеп чыгат. Бул стратегиялар 2017-жылга чейин ТӨУСта аныкталган күчтүү, көз карандысыз жана экономикалык өнүккөн мамлекетти түзүүгө багытталган курсту улантат жана экономиканын бардык тармактарын өнүктүрүүнүн саясатын жана чараларын камтыйт. Калыптанып калган саясий туруктуулук жана Россия, Казакстан жана ЕАЭБдин башка мүчө өлкөлөрү менен ишенимдүү жана стратегиялык мамилелер, борбор-азиялык регион боюнча жакынкы коңшулар менен достук мамилелерин орнотуу өлкөнү өнүктүрүүдө чоң жетишкендиктерге жетишүү үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүктү түзүүдө.
Бул Программа мурда кабыл алынган маанилүү чечимдердин жана буга чейинки Өкмөттүн ишинин багыттарынын улантуучулугун сактайт, саясий партиялардын шайлоо алдындагы платформаларын камтыйт жана артыкчылыктуу багыттардагы иштерди аткарууга багытталат.
1. Аткаруу бийлигинин ачыктыгы жана үзүрлүү иш-аракети
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын конкреттүү натыйжа үчүн иштөөсү жана кабыл алынган чечимдердин ачыктыгы Программаны ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө болот. Талыкпай иштеп жана жакшы натыйжага жетишүүдө калктын жана бизнес-коомдун аткаруу бийлик органдарына болгон ишенимин арттыруу зарыл.
Аткаруу бийлигинин системасын улуттук артыкчылыктарга, максаттарга жана милдеттерге, ошондой эле ЕАЭБге кошулуунун алкагында коомчулук күтүп жаткан жагдайларга, жаңы чакырыктарга жана мүмкүндүктөргө ылайык жаңылоо керек.
Биринчи - өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктарын көздөө.
Бардык чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жана чечимдер Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында жана белгиленген курсту уланткан стратегияларда аныкталган улуттук артыкчылыктарды көздөөгө тийиш.
Экономикалык саясат керектөө форматынан инвестициялык экономика форматына которулууга багытталат.
Популисттик жана жеке кызыкчылыктарды, ошондой эле айрым топтордун кызыкчылыктарын колдоо практикасын толугу менен токтотуу зарыл. Өлкө үчүн бардык маанилүү демилгелер кылдат экспертизадан өтүүгө жана тандап алынган өнүктүрүү багытына жооп берүүгө тийиш.
Экинчи - мамлекеттик органдардын ишин пландоонун, аткаруунун, ага мониторинг жүргүзүүнүн, контролдоонун жана баалоонун натыйжалуулугун күчөтүү.
Азыркы учурда колдонулуп жаткан көптөгөн стратегиялык жана программалык документтерге сапаты жагынан инвентаризация жүргүзүлөт, алар ондоп саналат. Алардын көпчүлүгү декларативдик мүнөзгө ээ жана бири-бирине карама-каршы келген финансылык ресурстар менен бекемделбеген формалдуу чараларды гана камтыйт. Стратегиялык жана программалык документтердин саны кыйла кыскартылат жана улуттук артыкчылыктар менен кызыкчылыктарды эске алуу менен сапаты жагынан өзгөртүлөт.
Ушул максатта Өкмөт стратегиялык пландоону жөнгө салуучу мыйзам долбоорун парламентке киргизет. Ошол эле учурда ТӨУС өлкөдөгү жакшы кайра түзүүлөргө багытталган мамлекеттик саясаттын ырааттуулугун камсыз кылуу үчүн орто мөөнөттөгү келечек үчүн стратегиялык негизги документ катары аныкталат. Күтүлүп жаткан социалдык-экономикалык процесстерди болжолдоого маани берилет.
Стратегияларды даярдоодо жана аткаруу бийлигинин органдарынын конкреттүү иш-аракеттер планын иштеп чыгууда күтүлүүчү социалдык-экономикалык процесстерди болжолдоого, чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу форматтарына олуттуу көңүл бурулат. Ченемдик укуктук актыларды даярдоо коомчулуктун ар түрдүү топторунун кызыкчылыктарын эске алуу менен жөнгө салуу таасирин талдоону жакшыртуу менен коштолушу керек. Мамлекеттик органдардагы ички бюрократияны жана иш кагаздарын жүгүртүүнү кыскартуу, маалыматтык технологияларды кеңири колдонуу аркылуу калк менен байланышты жакшыртуу зарыл.
Аткаруу бийлигинин органдарынын ишин өнүктүрүүнүн максаттарына жана милдеттерине шайкеш келтирүү, ошондой эле кайталанган жана чектеш функцияларды четтетүү үчүн Өкмөт чечкиндүү жана кардиналдуу түрдө аткаруу бийлигинин органдарынын түзүмүн жана санын, ошондой эле мамлекеттик аппаратты күтүүгө жумшалуучу чыгымдарды төмөнкү принциптерди эске алуу менен оптималдаштырат:
- тармактык мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу функцияларын мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарына топтоо;
- аймактык деңгээлде тармактык саясатты иштеп чыгуу боюнча потенциалды чыңдоо менен борбордук деңгээлде ведомстволук түзүмдөрдү максималдуу кыскартуу;
- калкка кыйла жакын болгондуктан башкаруунун райондук деңгээлин чыңдоо.
Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун кийинки этаптарын чектеш жана кайталанган функцияларды бир мамлекеттик органга топтоонун, ошондой эле айрым функцияларды аутсорсингге өткөрүп берүүнүн натыйжасында административдик ведомстволордун санын оптималдаштырууга багыттоо зарыл.
Үчүнчү - мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу. Акыркы жылдары мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын жана административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана бекитүү маселелери боюнча олуттуу иштер жүргүзүлүп жатат. Бирок иштер жай жылууда. Буга жаңы дем берип, келерки жылдын ичинде бүтүрүү керек.
Жакынкы мезгилде ар кандай документтерди жыйноо боюнча бюрократиялык жол-жоболор электрондук форматка толук өткөрүлөт, мында керексиз жана бири-бирин кайталаган суроо-талаптар жоюлат. Кызмат көрсөтүүдө "бирдиктүү терезе" системасын жана "электрондук өкмөт" системасын киргизүү маселеси актуалдуу болууда жана аны чечүү тездетилет.
Ушул принциптерде Ош, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында жаңы форматтагы көп функциялуу "Калкты тейлөө борборлору" ишке киргизилди. Өкмөт андан ары дагы КТБ ачуу боюнча иштерди пилоттук шаарларда улантат.
Калкка сапаттуу жана даректүү кызмат көрсөтүү үчүн жарандардын биометрикалык маалыматтарынын базасын түзүү боюнча иштер улантылат. Биометрикалык маалыматтарды пайдалануу ачык жана таза шайлоолорду өткөрүү мүмкүнчүлүгүн бере тургандыгын парламенттик шайлоолор көрсөттү. Алынган тажрыйба 2017-жылдагы президенттик шайлоону өткөрүүдө пайдаланылат.
Өкмөттүн алдында 2017-жылы мамлекеттик башкаруунун автоматташтырылган системасын кеңири масштабда ишке киргизүү милдети турат. Мамлекеттик мүлктү эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүү боюнча иштерди аяктоого өзгөчө көңүл бурулат.
Төртүнчү - мамлекеттик жарандык кызматчылардын ынтызарлыгын арттыруу жана кадрдык потенциалын жогорулатуу. Мамлекеттик жарандык кызматчынын эмгек акысы менен жеке сектордогу, ошондой эле профилдеги адистердин эмгек акыларынын ортосундагы айырма чоң болбошу керек. Мыкты адистерди ишке тартуу жана алардын туруктуу иштеп калышы үчүн тийиштүү социалдык пакет берилиши зарыл, кесиптик даярдыгы, билимдин деңгээли, моралдык аруулук - мамлекеттик башкаруу системасына тандоо критерийи.
Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларына, ошондой эле калктын башка катмарларына арзан баада ипотекалык кредит алууга мүмкүндүк берүү үчүн "2015-2020-жылдарга арзан турак-жай" программасынын өнүктүрүү улантылат. Мындай чара адистердин мамлекеттик органдарда узак убакыт бою иштеп калышына мүмкүндүк берет.
Кызматка дайындоо жана жогорулатуу ачык-айкын жана көрүнөө болушу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү мындан ары да улантылат. Мамлекеттик кызматтын партиялык жактан саясатташуусун четтетүү керек. Кесиптик жана карьералык өсүш тууганчылык, уруктук жана башка байланыштарга эмес, кызматчынын реалдуу жетишкендиктерине жана ийгиликтерине гана негизделиши зарыл.
Бешинчи - мамлекеттик жарандык кызматчынын өз кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоосу жөнүндө мыйзамда жазылган чаралар мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн коррупцияны чектөөчү рычагдар болууга тийиш. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын кирешелери жана чыгымдары кагазда эмес, реалдуу турмушта контролдонот.
Кызыкчылыктардын кагылышын жаратуучу шарттарды минималдаштыруу боюнча узак мөөнөттүү иш жүргүзүү үчүн мамлекеттик башкаруу системасындагы кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуучу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана парламентке киргизүү зарыл.
Өлкөнүн жарандары коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасын иш жүзүндө көрүшү зарыл. Мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы күрөшүүсү натыйжалуу болушу үчүн басымды элибиз кыйла көп кайрылган органдарга коюу зарыл.
Кыргыз Республикасынын Президентинин сот системасын жана укук коргоо органдарын реформалоо, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча баштаган иштери Өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылат. Өкмөт судьялардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын жакын туугандарынын чыгымдарын декларациялоо жөнүндө мыйзам чыгаруу демилгелерин колдоого алат. Мамлекеттик чиновниктердин коррупцияга аралашкан фактылары табылганда, аларды кайрадан иштөө укугусуз кызматынан бошотуу керек. Сот жана укук коргоо системасынын иштөөсүн жакшыртуу үчүн материалдык жана техникалык шарттарды камсыз кылуу боюнча иштер улантылат.
Жалпысынан, мамлекеттик башкаруу системасы үчүн коррупциянын пайда болушунун ыктымалдуу зоналарын табуу боюнча иштер, анын ичинде коомдук пикирди сурамжылоонун негизиндеги иштер улантылат.
2. Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана экономиканы өстүрүү
Макроэкономикалык туруктуулук
Өкмөт макроэкономикалык туруктуулукту жана жалпы эле экономикалык саясаттын алдын ала көрүнөө болушун сактоого умтулат. Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуулугун камсыз кылуу менен экономикалык өсүшкө жетүү зарыл.
Биринчи - Өкмөттүн негизги милдети болуп экономиканын ылдам өнүгүүсүн жана калктын кирешесинин туруктуу өсүшүн камсыздоо жана анын натыйжасында жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу саналат. Экспорттук көлөмдү өстүрүү, жеке жана мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүү экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу булагы болуп калат. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ЕАЭБдин алкагында экономиканы ылайыкташтыруу боюнча өлкөдөгү түзүмдүк реформаларды жүргүзүүнүн каражаты болушу керек.
Экинчи - Өкмөт ТӨУСтө белгиленген экономикалык өсүштүн темптерин тездетүүгө багытталган Улуттук жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча күч-аракеттерди максималдуу жумшайт. Ушуга байланыштуу ар бир долбоордун ишке ашырылышынын натыйжалуулугун баалоо алардын ишке ашырылышы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин аныктоо менен жүргүзүлөт.
Үчүнчү - мамлекеттик финансылардын тең салмагын камсыздайт жана мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын контролдонуучу деңгээлде сактайт. Күндөлүк чыгымдардын өсүү темпи мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнөн ашпоосу керек.
Мамлекеттик финансылардын системасы Бюджеттик кодекстин ченемдерине жараша адаптацияланат, атап айтканда, мамлекеттик органдарды каржылоо системасы атайын каражаттар аркылуу кайра толугу менен каралып чыгат. Бюджеттин чыгашалар бөлүгүнүн түзүмүн оптималдаштыруу, бюджеттик каражаттарды, анын ичинде социалдык чөйрөгө багытталган каражатты пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Бардык мамлекеттик органдардын финансылык тартибин күчөтүү аркылуу өнүктүрүү бюджетин толук аткарууга көңүл бурулат жана ал өзгөчө контролго алынат.
Өкмөт программалык бюджеттөөнү активдүү киргизүү, экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү, натыйжалуулукту жогорулатуу жана стратегиялык жана операциялык максаттарга жетүү үчүн бюджеттин инвестициялык багыт алуусуна кыйла тезирээк өтүүнү зарыл деп эсептейт.
Өнүктүрүүнүн улуттук долбоорлору Өкмөттүн саясатынын артыкчылыгы болууга тийиш жана экономиканы өнүктүрүүнүн маселелерин оптималдуу чечүү максатында экономиканы системалуу түрдө реформалоону толуктап турушу керек. Мында кеңири коомчулук үчүн жеткиликтүү болгон инвестициялык долбоорлордун натыйжалуу ишке ашырылышына баалоо жүргүзүү киргизилиши керек.
Социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жүргүзүлүүчү экономикалык болжолдоонун сапатын жана бюджеттин киреше бөлүгүн пландоону жакшыртуу үчүн Өкмөт болжолдуу көрсөткүчтөрдүн тактыгын жогорулатуу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгат.
Мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыздоого өзгөчө маани берилет, анын максаты коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана мамлекеттик ресурстарды кыйла рационалдуу пайдалануу болуп эсептелет.
Төртүнчү - ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын экспорттоого жана калктын ички суроо-талабын жетиштүү түрдө туруктуу деңгээлде кармап турууга багытталган тең салмактуу валюталык жаңы саясатты жүргүзүү.
Өкмөт фискалдык каражаттар аркылуу аталган саясатты илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.
Бешинчи - инфляцияга карата саясат негизги принципке таянышы керек - бааларды кармап туруу боюнча чаралар экономикалык өсүшкө тоскоол болбоого тийиш, экинчи жагынан калктын кызыкчылыктары эске алынышы керек. Өкмөт инфляциянын деңгээли жылына орточо [5-7] пайыз диапазонунда болушу керек деп эсептейт.
Алтынчы - фискалдык саясаттын айрым багыттары бизнес коомчулугун кеңири тартуу менен Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгууга жана жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө карата салык боюнча мыйзамдарды адаптациялоо аркылуу кайра каралат. Бүгүнкү күндө негизги көйгөй болуп салыктык башкаруу процесси жана салык салуунун адилеттигин камсыз кылуу саналат. Онлайн контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) жана электрондук отчёттуулуктун системасы аркылуу салыктык жыйымдарды башкаруу жаңы методикалары киргизилет. Салык органдары биринчи кезекте салыктык башкарууну өлкөбүздө болгон артыкчылыктарды мүмкүн болушунча максималдуу сактоо зарылчылыгын эске алуу менен ЕАЭБдин талаптарына жакындатууну жана шайкеш келтирүүнү камсыздашы керек.
Салык жүгүн теңештирүү жана салыкты жыйноонун толуктугун камсыз кылуу максатында салыктык жана бажылык башкарууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча чаралар ишке ашырылат, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрүнүн тизмеси кайра каралат. Салыктык жыйымдарды көбөйтүүнүн маанилүү багыты салыктарды жергиликтүү деңгээлге чогултуу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча Өкмөттүн чаралары болуп калат.
Өкмөт салык боюнча коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла жагымдуу шарттарды түзүү үчүн бизнес-чөйрөнүн жана инвестициялык климаттын сапатына өзгөчө көңүл бурат. Кыргызстанды 2019-жылга карата "Бизнес жүргүзүү" эл аралык рейтингиндеги элүү мыкты өлкөнүн катарына киргизүү боюнча чаралар көрүлөт. Атап айтканда Өкмөттүн күч-аракеттери бул рейтингдин төмөнкү компоненттерин жакшыртууга жумшалат: электр менен жабдуу системасына кошулуу, салык салуу чөйрөсүндөгү салыктардын кайтарымы, салыктык аудит жана апелляция сыяктуу процесстерди жакшыртуу.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары 80ге жакын салыктык жана салыктык эмес өбөлгөлөөчү механизмдерди камтыйт. Бул жеңилдиктер боюнча мамлекеттик бюджеттин жоготууларынын жалпы суммасы 20 миллиард сомго жакынды же ИДПга карата 5%га жакынды түзөт. Буга байланыштуу Өкмөт салык системасынын кирешелүү потенциалын жогорулатууга, колдонуудагы салыктык преференциялардын жана жеңилдиктердин системасын инвентаризациялоого жана этап-этабы менен оптималдаштырууга, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салууга, ошондой эле салык салуудан качууга болгон мүмкүнчүлүктөрдү жоюуга өзгөчө көңүл бурат.
Түзүмдүк өзгөрүүлөрдү, салык салуу үчүн киреше базасын өстүрүүчү экономиканын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүнү колдоого алып салыктардын жөнгө салуучу функциясын натыйжалуу пайдалануу зарыл.
Фискалдык система төлөөчүлөрдүн ак ниеттүүлүгүнө жана демилгелүүлүгүнө багытталууга тийиш.
Жетинчи - инфраструктуралык объектилерге маанилүү инвестициялардын зарыл экендиги тышкы карыз маселелеринде тең салмактуулук ыкмасынын талаптарынын бузулушуна алып келбеши керек. Өкмөт эл аралык институттардын линиялары боюнча финансылык карыз алууларды пландоонун, пайдалануунун, мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун натыйжалуулугун жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча иштейт. Ведомстволордун жетекчилеринин улуттук программалардын жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашыруудагы, ошондой эле жылдын ичинде пландалган каражаттарды өз убагында өздөштүрүүдөгү жоопкерчиликтерин күчөтүү зарыл. Бул багытта инвестициялык долбоорлордун натыйжалуулугун баалоо методикасы ишке киргизилет.
Сегизинчи - өлкөгө улуттук программаларды аткаруу үчүн гранттык каражаттар олуттуу көлөмдө тартылууда, бирок бизде алардын пайдаланылышына жана натыйжалуулугуна ведомстволор тараптан контроль жетишсиз. Өкмөт өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен бирге гранттык каражаттардын пайдаланылышынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана контролдоо, жыйынтыктары жөнүндө коомго кеңири маалымдоо механизмин күчөтүү боюнча кошумча чараларды көрөт.
Тогузунчу - ЕАЭБдин алкагындагы саясаттын чараларын иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдардын координациясын күчөтүү үчүн Өкмөт Интеграциялык процесстер боюнча иш-аракеттер планын жаңылоо менен ЕАЭБдин шарттарына адаптациялоо аркылуу ишти активдештирет.
ЕАЭБге мүчө болуп киргенден бери бир жыл өттү. Анын артыкчылыктары да, кемчиликтери да болду. Чек арадан өтүү жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча чоң иштер жүргүзүлдү жана 2017-жылы бул багыт артыкчылыктуу багыттардын катарында кала берет. Лабораториялар ишке кирет, чек арадагы өткөрмө жана контролдук пункттардын инфраструктураларын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Булар менен катар биздин экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу милдетин биргелешип чечишибиз керек. Бир гана нарк фактору гана эмес, аны менен бирге эң башкысы ата мекендик продукциялардын сапаты да биздин артыкчылыгыбыз болушу керек.
Өлкөнүн инвестицияга ыңгайлуулугун күчөтүү
Инвестициянын деңгээлинин төмөндүгү жана финансы ресурстарын алуунун чектелгендиги өлкөнү өнүктүрүүгө тоскоолдук болууда. Ошондуктан Өкмөт өлкөнүн инвестицияга ыңгайлуулугун жакшыртуу жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган улуттук масштабдагы долбоорлорду максаттуу инвестициялоо боюнча иштерди жүргүзөт. Бул маселени чечүү үчүн Кыргызстан мааниси боюнча жакынкы келечекте "бизнес үчүн бейиш" болуп калууга тийиш.
Өлкөнүн экономикасына инвестициялар мүмкүн болгон финансылык бардык булактардан натыйжалуу тартылууга тийиш: чет өлкөлүк, ички инвестициялар жана калктын жеке аманаттары.
Биринчи - жеке менчик укугун коргоону жана инвесторлордун экономикага салынган каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу маселеси маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Инвестор мамлекет жүргүзүп жаткан экономикалык саясаттын анык эместигинен, ошондой эле мыйзамдык-укуктук, саясий жана социалдык тобокелдиктерден инвестициялардын сакталышына туруктуу жана ишенимдүү кепилдик алышы керек. Мамлекеттик жөнгө салуу ачык, айкын, туруктуу, эки жакка тең пайдалуу жана түйшүксүз болушу керек.
Ошондой эле потенциалдуу инвесторлордун суроо-талаптарына жооп берген инвестициялык рыноктун инфраструктурасын олуттуу жакшыртуу зарыл.
Экинчи - ири инвестициялык долбоорлорду кароону саясаттан арылтуу. Өлкө үчүн маанилүү маселелерди чечүү Конституцияга жана өлкөнүн башка мыйзамдарына ылайык бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен экономикалык эсептөөлөргө жана талдоолорго негизделиши керек.
Үчүнчү - экономикага, жаңы инвестициялардын келип түшүүсүнө фискалдык жана административдик түрткү берүүнүн жаңы инструменттерин киргизүү зарыл. Салыктык каникулдарды киргизүү, контролдук инспекцияларды жана текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторийди белгилөө инвестициялык салымдардын көлөмүн алда канча көбөйтө тургандыгын тажрыйба көрсөтүүдө. Бир эле учурда артыкчылыктуу багыттар боюнча инвесторлор үчүн отчёттуулуктун жөнөкөйлөтүлгөн формасы иштелип чыгууда. Булар менен бирге Өкмөт инвестициялардын агылып кетишин азайтууга мүмкүндүк берүүчү инвесторлордун каражаттарын кайра каржылоону колдоо системасын иштеп чыгууда.
Бул система түшкөн пайданы кайра инвестициялоо боюнча шарттарды түзүүнү өзүнө камтууга тийиш. Экономикага каражаттарды кайра инвестициялоого салыктарды алып салуунун максатка ылайыктуулугу каралууда.
Өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн "салыкты төлөөнүн пайдалуулугунун жана кадыр-барктуулугунун" реалдуу өбөлгөлөрүн караган атайын система каралууда. Формалдуу эмес экономиканын өсүшүн чектеген жана ага бөгөт койгон, анын масштабын азайтууга жана легалдуу экономиканы чыңдоого мүмкүндүк берүүчү жолдор жана методдор иштелип чыгууда.
Төртүнчү - бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү практикалык ишке киргизүү. Азыркы учурда инфраструктуралык, социалдык, региондук долбоорлорду ишке киргизүү жана колдоо үчүн мамлекет керектүү ресурстарга чектелүү. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) мындай долбоорлорго инвестициялоонун маанилүү инструменти болуп кала алат. Бул актуалдуу тармактарга бизнести тартуунун инструменттеринин бири.
МЖӨнүн пилоттук долбоорлору катары чакан ГЭСтерди куруу, Бишкек жана Ош шаарларында айрым муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аутсорсинги маселелерин, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык жардам берүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду кароого болот.
Бешинчи - Өкмөт экономиканын мамлекеттик секторун башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуусу керек.
Мамлекеттик активдерди башкаруу боюнча Өкмөттүн негизги милдеттери болуп бардык мамлекеттик активдерди толук масштабдуу инвентаризациялоо, мамлекеттик менчикти башкаруунун сапатын жакшыртуу жана мамлекеттик менчиктен түшкөн кирешелерди жогорулатуу болуп саналат.
Мамлекеттин өндүрүштүк иштин субъектти катары катышуусун стратегиялык тармактарга кирген, өндүрүштүн инновациялык түрлөрүн өнүктүрүүчү, ошондой эле экономиканы жана калкты жеке сектор ар кандай себептер боюнча өндүрө албаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуучу секторлор менен чектөө зарыл. Иши аталган критерийлерге жооп бербеген ишканаларды менчиктештирүү маселесин кароо керек.
Мамлекеттик ишканалардын капиталына жана аларды башкарууга жеке секторду киргизүү зарыл.
Алтынчы - жер казынасын пайдаланууда бизнести колдоо жана өбөлгөлөө чөйрөсүндө Өкмөт мамлекеттин ашыкча контролдоо функцияларын азайтууга, рейдерлик басып алууларды жок кылууга, геологиялык фонддордун кеңири жана эркин мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурат.
Жетинчи - чет өлкөлүк түз инвестициялар жаңы билимдерди, технологияларды, тажрыйбаларды, көндүмдөрдү ж.б. тартуу катары дагы каралышы керек.
Экономиканы модернизациялоо техникалык кайра жабдууну жана заманбап технологияларды экономиканын келечектүү багыттарына киргизүүнү талап кылат. Кыргызстандын экономикасы жаңы технологиялар жана инновациялар үчүн ачык болушу керек, аларга фискалдык, административдик жана мыйзамдык ченемдер аркылуу дем берилүүгө тийиш.
Соңку технологияларды колдонуу инженердик жана башкаруучу кесиптердин адистеринин жаңы категорияларын талап кылат. Андыктан, улуттук кадрларды чет өлкөдө окутуу жана даярдоо зарыл. Мында экспорттук экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары үчүн зарыл болгон адистиктерге басым жасалышы керек. Бул процессте өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын ролун жана жоопкерчилигин аныктоо зарыл.
Сегизинчи - өндүрүштүн анча чоң эмес масштабы жана өндүрүштү өнүктүрүүгө кредит алуу үчүн күрөөлүк мүлктүн жетишсиз көлөмү ата мекендик бизнестин көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат.
Өкмөт региондук кепилдик фонддорунун колдонуудагы системасын пайдалануу аркылуу "Кепилдик фонддун" ишин, андан ары 2018-жылга чейин фондду 1 млрд. сомго чейин капиталдаштыруу менен активдештирет. Фонд венчурдук бизнестин өнүгүшүнө түрткү берет, консолидацияланган кредит берүүгө катышат, кредитти күрөөлүк камсыздоого колдоо көрсөтөт.
Тогузунчу - калктын топтоолорун тартуу жана башкаруу боюнча финансылык механизмдерди иштеп чыгуу зарыл.
Бул топтоолордун аз гана бөлүгү банк системасында депозиттик салымдар катары колдонулууда. Алардын көпчүлүгү "катылган" жана майда аманаттарга салынган. Ушуга байланыштуу Өкмөт жана КР Улуттук банкы калктын банк системасына болгон ишенимин көтөрүү жана финансы-кредиттик мекемелердин тармагын кеңейтүү боюнча чараларды көрүүгө тийиш. Улуттук банк банктык эмес чөйрө менен бирдикте калк үчүн финансы инструменттеринин чөйрөсүн кеңейтүүгө тийиш. Зайымдык каражаттарга ставкаларды азайтуу боюнча ишти жүргүзүү зарыл.
Мамлекеттик баалуу кагаздарга карата Өкмөттүн жана Улуттук банктын саясаты фондулук рыноктогу операцияларга калкты көбүрөөк тартуу максатында кайра каралып чыгышы керек.
Таза жана экономикалык жактан калыптанган мамлекеттик жана жеке пенсиялык системалар маанилүү элемент болуп саналат.
Онунчу - социалдык жана өндүрүштүк инфраструктурага: билим берүүгө, саламаттык сактоого, энергетикага, жана транспорттук инфраструктурага мамлекеттик жана жеке инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү. Аталган багыттарды каржылоо артыкчылыктуу болуп саналат. Өкмөттүн милдети инвестициялардын натыйжалуулугуна жетүү болуп саналат.
Транспорттук коммуникациялар жаатында 2016-2017-жылдары Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна, Ысык-Көлдү тегерете салынуучу жолго, Бишкек - Кара-Балтаны айланып өтүүчү трассага, ошондой эле облустук борборлордогу жана чакан шаарлардагы жолдорду реабилитациялоого артыкчылык берилет.
Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек - Ош - Эркеч-Там, Ош-Баткен-Исфана сыяктуу транзиттик магистралдардын абалы эл аралык стандарттарга ылайык келтирилет. Кыргызстандын аймагындагы улуттар аралык темир жол участогунун курулушуна байланыштуу долбоорду илгерилетүү өзгөчө контролдо турат.
"Манас", "Ош" аэропортторун модернизациялоо жана жаңылоо башталып, "Тамчы" аэропортун модернизациялоо аяктоодо.
Кыргызстандын аймагында борбор-азиялык региондук транспорттук-логистикалык түйүн борборун түзүү стратегиялык максат болуп саналат.
Энергетикада Өкмөт өлкөнүн экономикасын электр энергиясы менен камсыздоо жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү максатын коёт. Ага жетүү үчүн Токтогул ГЭСинин, Бишкек шаарынын ЖЭБинин, Ат-Башы, Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулуктарын жаңыртуу улантылат, негизги көмөк чордондорду модернизациялоо жүргүзүлөт.
Өкмөт жаңы кубаттуулуктарды (Камбар-Ата, Жогорку-Нарын каскады) куруунун темптерин тездетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен эсептеп чыгат. Жакынкы жылдарда чакан ГЭСтердин биринчи долбоорлору, анын ичинде МЖӨ механизмдерин колдонуу менен ишке киргизилет. "CASA-1000" долбоору стратегиялык жактан маанилүү болуп калууга тийиш, ал боюнча даярдык көрүү иштери жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Өкмөт көмүр кендерин комплекстүү өздөштүрүү жана ата мекендик көмүрдүн колдонулушун жогорулатуу ишин улантат.
Экономикадагы жана коомдогу маалыматтык технологиялардын ролун күчөтүү боюнча заманбап тренддерди эске алып, инвестициялар маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүүгө да багытталууга тийиш. Бул билим берүүгө, финансылык кызмат көрсөтүүлөргө, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, экспортёрлорду ж.б. маалымдоодо жакшы таасирин берет.
Жакынкы убакта санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча долбоорду ишке ашыруу аяктайт. 4G стандартын масштабдуу ишке киргизүү колдоого алынат, ага ылайык республиканын аймагынын 85 пайызы жогорку ылдамдыктагы интернет менен камтылат.
Экспортту өстүрүү жана колдоо
Экспорт экономиканын өнүгүшүндө аныктоочу ролду ойнойт жана өсүүнүн факторлорунун бири болуп эсептелет. Өнөр жайды техникалык жактан кайра жабдуу боюнча милдеттерди чечүү, инженердик кадрларды даярдоо жана окутуу системасын түзүү, жаңы технологияларды ишке киргизүү, өнөр жай түзүмдөрүн жүгүртүлүүчү каражаттар жана чийки зат менен камсыздоо, экспорттук продукцияны өндүрүүнү өбөлгөлөөчү механизмдерди түзүү жана көптөгөн башка маселелерди чечүү зарыл.
Биринчи - Кыргызстан ЕАЭБге тең укуктуу катышуучу болду. Калкы 180 млн. адамдан ашуун рынокко жол ачылды. Интеграциянын бүткүл потенциалын жана ТӨУСка киргизилген улуттук кызыкчылыктарды алдыга жылдыруу зарыл, алардын эң негизгиси өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатуу болуп саналат.
Өкмөт товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жылдырууга көмөк көрсөтүү максатында чек аралардагы өткөрүү пункттарын модернизациялоону жана жаңылоону өзүнө камтыган инфраструктураны, сертификаттоо органдарынын жана адистештирилген лабораториялардын тармагын, тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү боюнча ишти бүткөрөт. Экспортту илгерилетүү боюнча түзүлгөн агенттиктин алкагында бизнес пландарын даярдоо жана тышкы рыноктордо продукцияларды алдыга жылдыруу боюнча МСБга көмөк көрсөтүү максатында долбоорлорду даярдоо боюнча фонд түзүлөт. Экспортёрлорго колдоо көрсөтүү боюнча функцияларды кеңейтүү үчүн соода өнөктөштөрдүн негизги өлкөлөрүндө соода өкүлчүлүктөрү киргизилет.
Экспортту илгерилетүү боюнча ишке КР элчиликтери тартылат. Мындан тышкары чет өлкөлөрдөгү диаспоралардын потенциалын жана биздин мигранттардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу максатка ылайык.
Экинчи - мыкты экспорттук потенциалга ээ болгон экономиканын артыкчылыктуу тармактарын колдоо. Артыкчылыктар катары айыл чарбасын, кайра иштетүү, тигүү, иштетүү өнөр жайын жана туризм кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү максатка ылайыктуу. Тигүү тармагын өнүктүрүүдө өлкөнүн региондорунда технополистерди түзүү долбоору ишке киргизилет.
Товар өндүрүүчүдөн баштап рыноктун артыкчылыктуу керектөөчү сегменттерине чейинки товарды өткөрүүчү натыйжалуу линиялар мамлекеттин жана жеке сектордун күч-аракети менен түзүлүшү керек. Айыл чарба продукциясынын экспортко толук кандуу чыгышын камсыздоо үчүн лабораторияларды, логистикалык борборлорду, мал союучу цехтерди, кайра иштетүү ишканаларын жана транспорттук компанияларды өзүнө камтыган "буфердик" инфраструктураны түзүү зарыл. Өкмөт экспортту өнүктүрүү боюнча актуалдуу планды ишке ашырат.
Кыргыз Республикасына берилген ВСП+ статусуна ылайык Кыргыз Республикасындагы экспортёрлор ЕБге нөлдүк тарифтик ставкасы боюнча, башкача айтканда иш жүзүндө алымдарсыз товарларды жеткире алат. Өкмөт ЕБ өлкөлөрүнө продукцияны экспорттоону күчөтүү үчүн жергиликтүү ишканалардын ВСП+ мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууларына мүмкүндүк берүүчү чаралардын комплексин ишке ашырат. Биздин ведомстволор жана компаниялар тарабынан бизнес жана өлкөнүн экономикасы үчүн ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн пайдаланылышы зарыл.
Үчүнчү - улуттук экономиканын продукциясын экспорттоо үчүн максаттуу рыноктор болуп ЕАЭБге мүчө өлкөлөр, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, Түркия, Кытай жана Индия эсептелет. Туризм жаатында географиялык камтуу кыйла кеңири болушу керек жана иштер дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен жүргүзүлүшү керек.
Кыргызстандын Борбордук Азиядагы туризмдин региондук борборлорунун биринен болууга бардык шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү бар. Өткөрүлгөн Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын туристтик жана маданий имиджин көтөрдү. Мындан ары оюндарды өткөрүүдө алынган тажрыйба байыркы көчмөн цивилизациясынын өлкөсү катары Кыргызстандын туристтик жагымдуулугун көтөрүү үчүн кеңири пайдаланылат.
Өкмөт туристтик тармак үчүн башкаруу звеносунун жана тейлөөчү персоналдын кадрларын даярдоо системасына өзгөчө көңүл бурат. Туристтик тармактын жайы-кышы иштешин камсыздоо максатында туризмди өнүктүрүүнүн кластердик ыкмасы киргизилет. Улуу жибек жолу жана Кыргызстандын ыйык жерлери боюнча жаңы маданий-агартуучу маршруттар түзүлөт.
Өкмөт жана жергиликтүү бийлик органдары туристтик инфраструктура объекттерин курууда экологиялык мыйзамдардын сакталышына жетишүүсү жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зоналарында туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун жөнгө салуусу зарыл. Инвесторлорду тартуу жана курорттук зонада жерлерди пайдаланууну тартипке салуу үчүн Ысык-Көлгө жакын зонаны сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө мыйзам чыгаруу чечимин демилге кылуу сунушталат. Спорттук-маданий комплекстерди пайдалануунун натыйжалуулугун жана кирешелүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөр спектрин кеңейтүү менен жогорулатуу зарыл.
Төртүнчү - экспорттоону мамлекет тарабынан колдоого алуунун бизнес үчүн кыйла курч болуп эсептелген негизги элементи тышкы соодага финансылык көмөк көрсөтүү болуп саналат. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун ишинин алкагында Өкмөт кыйла артыкчылыктуу багыттар боюнча келечектүү долбоорлорду колдоону демилге кылат. Бул механизм өзүнүн максатка ылайыктуу экендигин көрсөттү, башка өнөктөш өлкөлөр менен буга окшош институттарды демилгелөө боюнча иштер жүргүзүлөт.
Ошондой эле экспортко багытталган ишканаларды колдоо үчүн жаңы финансы инструменттери түзүлөт. Кепилдик фонддорунун системасы аркылуу кредиттерди кепилдик менен кайтарып берүү боюнча экспортёрлорго көмөк көрсөтүү пландалууда.
Бешинчи - өндүрүштүн сапатын башкаруу деңгээлин жогорулатуу жана сапаттын эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү боюнча системалык иштерди улантуу зарыл. Облустарда адистештирилген аккредитацияланган лабораторияларды жана борборлорду ишке киргизүү аркылуу стандартташтыруу боюнча инфраструктураны түзүү тездетилет. Сапатты башкаруу боюнча көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн окутуу программалары ишке ашырылат жана ISO стандарттарын киргизүү боюнча консультациялар жүргүзүлөт. Өкмөт стандарттарды (ХАСПП, ISO, IFS ж.б.) киргизүү жана бизнестин стандарттар жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрөт.
Алтынчы - жөнгө салууну жакшыртуу жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү. Экспорттоо үчүн тиешелүү документтерди тариздөөгө жана жол-жоболордон өтүүгө талап кылынган убакытты жана чыгымдарды кыскартуу, аларды коңшу мамлекеттерде колдонулган механизмдерге салыштырмалуу атаандаш болгондой кылуу зарыл. Бизнес жана экономика менен байланышкан эл аралык рейтингдердеги позицияларды сактоо жана жакшыртуу максатында туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлөт, мониторингдин жүрүшүндө табылган көйгөйлөрдү жоюу боюнча оперативдүү чечимдер кабыл алынат.
Экономикада кредит берүүнү өстүрүү
Орун алган финансылык система экономиканын ички секторлорунун ресурстарын топтоштуруунун жана сарамжалдуу кайра бөлүштүрүүнүн талаптарына жетиштүү жооп бербейт. Башкы милдет - бул максималдуу либералдаштыруу принцибине негизделген банк системасын андан ары чыңдоо болуп эсептелет. Өлкөнүн ички финансылык ресурстарын натыйжалуу мобилизациялоого жана калк менен ишкерлердин кредиттерге жана сапаттуу банк кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон муктаждыгын канааттандырууга жөндөмдүү, туруктуу жана ишенимдүү финансы-кредиттик мекемелердин системасын түзүү зарыл.
Биринчи - банк иши төмөн болгон шартында жана финансы ресурстарынын жетишсиздигинен, ошондой эле алардын наркы жогору болгондуктан, банк секторундагы саясатты кайра кароо зарыл. Реалдуу экономикага кредит берүүгө банктардын катышуусун кеңейтүү үчүн алардын ишинин шарттары кайра каралып чыгууга тийиш. Улуттук банктын акча-кредиттик саясаты баалардын стабилдүүлүгүн, калктын иш менен камсыз болушун жана экономиканын өсүшүн камсыз кылуу максаттарына жетишүү үчүн Өкмөт менен макулдашылууга тийиш. Узак мөөнөттүү кредит берүүнү жана банк системасынын ликвиддүүлүгүн колдоо үчүн банк секторундагы узак мөөнөттүү жана оперативдүү ликвиддүүлүктү колдоо боюнча механизмдерди калыптандыруу зарыл. Банк саясаты өлкөнүн экономикасына улуттук валютада кредит берүүгө өбөлгөлөрдү түзүшү керек.
Экинчи - фонддук рынокту жандандыруу жана инвестицияларды топтоонун, аларды калк үчүн кошумча киреше алуунун булагына айлантуунун натыйжалуу механизмин түзүү зарыл.
Өкмөт ипотекалык программаны кеңейтүү үчүн ипотекалык облигацияларды чыгарууну жана аларды фондулук рынокто сатууну демилгелейт.
Үчүнчү - чакан финансылык сектордун ылдам өнүгүүсү жакшы натыйжа берди. Бирок анын өзгөчө региондордун тургундарына тийгизген терс жактары болду.
Өкмөт Улуттук банк менен бирге калкка кредит берүү боюнча натыйжалуу институтту сактап, ошондой эле зайымчылардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу менен, социалдык чыңалууну азайтуу механизмдерин иштеп чыгышы зарыл.
Адилеттүү атаандаштык
Өкмөт адилеттүү рыноктун кепилдиктерин камсыз кылышы керек жана жалпы эле атаандаштыкты жөнгө салуудан баш тартууга тийиш. Монополияларды мамлекеттик жөнгө салуу жеке секторго жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин жана бааларын кармап турууга, ошондой эле монополиялардын ишинин экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга багытталат.
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо критерийлерин сөзсүз камсыз кылууга, монополизациялоону болтурбоого жана монополиялык абалды кыянаттык менен пайдаланбоого негизделип, монополияга каршы жөнгө салуу принциптерин өзгөртүү зарыл.
Натыйжалуу монополияга каршы саясатты камсыз кылуу максатында ЕАЭБ талаптарына өлкөнүн мыйзамдарын шайкеш келтирүүнүн экинчи этабы жүргүзүлөт. Ошондой эле атаандаштыкты чектөөчү чечимдерди аныктоо максатында колдонуудагы ченемдик-укуктук база инвентаризацияланат. Бизнес коомчулугу тарабынан монополисттердин кызматтарына тең жетүү эрежелери киргизилет жана товардык рыноктордо атаандаштыктын абалын баалоо жана талдоо боюнча методика жана эрежелер ишке киргизилет.
3. Айылдарды, чакан шаарларды жана эмгек рыногун өнүктүрүү
Айылдарды жана чакан шаарларды өнүктүрүү
Өлкөнүн ИДПсында айыл чарбасынын үлүшү болжол менен 15 пайызды түзөт, айылдарда калктын болжол менен 67 пайызы жашайт. Ошондуктан айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү мамлекеттик колдоо саясаттын артыкчылыктуу багыттарынан болушу керек, ошондой эле жогорку кошумча наркты түзгөн жана эмгекти көп талап кылган чакан шаарлардагы өндүрүштүн чакан жана орто формаларын өнүктүрүү зарыл.
Айыл чарбасын өнүктүрүүгө дем берүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредит берүү аркылуу болот. Орто мөөнөттүү келечекте олуттуу натыйжаларга жетишүү үчүн бул таптакыр жетишсиз. Дем берүүнүн жаңы, узак мөөнөттүү жана жагымдуу чаралары зарыл.
Биринчи - региондордо экономикалык өсүүнүн түйүндөрүн түзүү жана алар үчүн бизнес пландоо принциптеринде өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу. Өкмөт "Шаарлар - региондук өнүгүүнүн түйүндөрү" программасын иштеп чыгат жана ишке ашырат, анын негизине тандалып алынган шаарлардын айланасында экономикалык активдүүлүктү топтоо салынат. Социалдык, транспорттук инфраструктурага жана турак-жай - коммуналдык чарбага эле эмес, ошондой эле өндүрүш долбоорлоруна да мамлекеттик жана жеке инвестициялар талап кылынат. Региондордо кайра иштетүү, тигүү, ар кандай иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнү колдоо керек. МЖӨ жөнүндө мыйзамдын алкагында региондордо долбоорлорду ишке киргизүү үчүн атайын шарттарды карап чыгуу зарыл.
Шаарларга чектеш айыл аймактарында жана аларда жайгашкан айыл чарба багытындагы бизнес-түзүмдөрүндө бардык зарыл инфраструктурасы бар жакынкы жерлерде жайгашкан шаарлардагы кайра иштеп чыгуучу ишканаларга жана логистикалык борборлорго айыл чарба продукциясын алып келүү мүмкүндүгү болушу керек.
Материалдык-техникалык база жана өндүрүш объекттеринин мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде иштин чыныгы абалы изилденет жана алардын келечегин аныктай турган жалпы программа даярдалат. Өнүгүү потенциалы бар өндүрүштөр үчүн атайын салык режимин берүү менен түз инвестицияларды тартуу максатка ылайыктуу.
Өкмөт айыл чарба продукциясынын ири товардык-логистикалык борборлорун өнүктүрүү боюнча программаларды ишке ашырат. Эл аралык деңгээлдеги борборлордун бири өлкөнүн түштүгүндө ("Түштүк"), экинчиси - өлкөнүн түндүгүндө ("Түндүк") жайгаштырылат. Ошондой эле конкреттүү максаттуу продукттары менен 7 региондук логистикалык борбор ишке киргизилет.
Региондук өсүштүн борборлорун түзүүнүн маанилүү элементи социалдык инфраструктураны өнүктүрүү болот. Ушул шаарлардын жана аларга жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундары эң негизги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетип, бош убактыларын толук баалуу өткөрүү жана өзүнүн потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Ушул шаарларда окутуунун заманбап технологияларды жана көп тилдүү ыкмаларын колдонуу менен сапаттуу окуткан жана окуучуларды натыйжалуу кесиптик багыт берген инновациялык мектептерди түзүү колдоого алынат. Мындай мамиле кылуу ички миграцияны кыскартууга мүмкүндүк берет. Ал үчүн ипотекалык жана социалдык куруу, "Арзан турак-жай" программасын ишке ашырууну тездетүү зарыл.
Экинчи - айыл чарбасын колдоо жана технологияларды тартуу.
Тармакты өнүктүрүүнүн максаттуу багыттары болуп өндүрүштүн көлөмүн жана анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, айыл чарба продукциясынын сапатын арттыруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, кайра иштеп чыгуу өнөр жайынын потенциалын күчөтүү саналат.
Айыл чарбасына кредит берүүнүн түзүлгөн каражаттары менен катар эле Өкмөт айыл чарба продукциясын жана кайра иштеп чыгуу продукциясын экспорттоо рыногун колдоо үчүн кошумча финансылык каражаттарды ишке киргизүүнү сунуштайт.
Аны менен катар, мындай ыкма тышкы рыноктордо атаандашуу мүмкүнчүлүгү бар чарбаларда жана ишканаларда колдонулушу керек.
Айыл чарбасынын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнүн маанилүү шарты болуп өндүрүштү ирилештирүү саналат. Ошондой эле өндүрүлүүчү айыл чарба продукциясынын чектелген номенклатурасына региондорду адистештирүү максатка ылайыктуу. Ири фермердик чарбаларды иштетүү үчүн шарттарды түзүү зарыл. Ушул максатта айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин кыйла эффективдүү колдонуу, өлкөнүн ичинде да, анын аймагынан тышкары жерлерде да өтө көп сандагы керектөөчүлөрү бар мекемелер үчүн айыл чарба продукциясын кепилденген мамлекеттик сатып алуулар системасын ишке киргизүү максатка ылайыктуу. Фьючерстик бүтүмдөр жана келерки түшүмгө кредит берүү механизмдерин ишке киргизүү керек.
Айыл чарбасынын технологиялык жактан камсыз болуу маселесин чечүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу менен агротехникалык тейлөөнүн жана айыл чарба техникасын колдоонун региондук борборлорун түзүү зарыл. Өкмөт айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүүнү кыйла кеңири колдоого алат. Ушул максатта мамлекеттик банктар өздөрүнүн лизингдик операцияларын кеңейтет. Ошондой эле агрохимиялык жана зооветеринардык тейлөөнүн адистештирилген пункттары түзүлөт.
Финансылык институттар аркылуу мамлекет тамчылатып сугарууну жана күнөсканаларды курууну кошо алганда, потенциалдуу ийгиликтүү долбоорлорду колдойт. Кредит берүүдө өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу үчүн региондун конкреттүү продукцияны чыгарууга адистештирилгендиги эске алынууга тийиш. Кыргызстандын салттуу адистешүүсүн эске алганда, малды технологиялык уюштуруп союу жана этти баштапкы иштетүү боюнча заманга ылайык ишканалар курулат.
Ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн сапаттуу үрөн материалын пайдалануу маанилүү болуп эсептелет. Жугуштуу оорусу бар үрөндөрдү пайдаланбоо үчүн Өкмөт адистештирилген лабораторияларды модернизациялоону камсыз кылат, асыл тукум жана үрөн чарбаларына мамлекеттик колдоо көрсөтөт.
Үчүнчү - өстүрүлгөн жашылчалардын жана жер-жемиштердин экологиялык тазалыгы жана сапаттуулугу ата мекендик айыл чарба продукциясынын, ошондой эле улуттук суусундуктардын, мөмө-жемиш ширелеринин, минералдык суунун жана дары чөптөрдүн бренди болуп калууга тийиш. Ошондуктан экспортко арналган ата мекендик экологиялык таза продуктуларды сертификациялоо боюнча лабораториялардын кызмат көрсөтүү спектрин кеңейтүү зарыл.
Төртүнчү - ирригация жана региондорду таза ичүүчү суу менен камсыздоо.
Өкмөт ирригациялык жана дренаждык системаларды эксплуатациялоону жакшыртуу боюнча иштерди улантат. Чек арадагы райондорго өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуу технологиялары киргизилүүгө тийиш. Бул үчүн суу сактагычтардын, күндүк жана айлык жөнгө салынып туруучу бассейндердин мүмкүнчүлүктөрүн кыйла активдүү колдонуу керек.
Аткаруу бийлигин бардык деңгээлинде өзгөчө көңүл бурууну талап кылган улуттук артыкчылык калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу болууга тийиш. Өкмөт таза ичүүчү сууга муктаж калктуу конуштарды таза ичүүчү суу менен камсыз кылат.
Бешинчи - региондорду башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу.
Өкмөт ар бир орган үчүн жоопкерчилик зонасын аныктайт, алардын ыйгарым укуктарын жана функцияларын бөлүштүрөт, кызыкчылыктардын кайчылаш келүүчү жерлерин жоёт. Акимдер региондордун инфраструктуралык маселелерин чечүүгө, ал эми ЖӨБО алардагы бизнестин өнүгүшү үчүн жооптуу болууга тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын ишинин негиздерин, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо жана жумуштан бошотуу тартиби маселелери боюнча жөнгө салуучу бардык мыйзамдарды сапаттуу инвентаризациялоо зарылдыгы бышып жетилди.
Өкмөт социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жогорулатуу үчүн аларды киши башына каржылоо принцибин киргизүүгө даяр.
Финансыны бөлүштүрүү системасы стимулдаштыруу принцибине негиздениши керек. Салыктар бизнес иштеген жер боюнча төлөнүүгө тийиш. Ошондой эле Өкмөт түзгөн региондордун өнүгүшү боюнча фонддор бизнести колдоо чөйрөсүндө чоң ролду ойношу керек.
Өкмөт жергиликтүү бийлик органдарынын системасын, башкаруунун деңгээлдеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин акырындап реформалоого, жер-жерлердеги бийликтин иш-аракеттери үчүн компетенттүү органдардын натыйжалуу, бирок репрессивдүү эмес чектелген санын катуу контролдоонун системасын орнотууга багытталуусу зарыл.
Жергиликтүү бийлик органдарынын алдында жумушчу орундарын түзүү, инвестицияларды тартуу, жакырчылыкты кыскартуу, дотациялык категориядан башкаларына өтүү сыяктуу милдеттер турууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын ирилештирүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 198 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш улантылат.
Айыл аймактарынын азыркы бөлүнүшү оптималдаштырууну талап кылат. Алсак, республикада бир гана айылдан турган 57 айылдык аймак бар; алардын көпчүлүгүндө калктын саны анча көп эмес. Ошол эле учурда курамына 15тен ашык айыл кирген жана калкы 20 миңден ашык адамды түзгөн айылдык аймактар да бар.
Айылдык аймактарды оптималдаштыруу максатында муниципалдык административдик-аймактык бирдиктерди ирилештирүү боюнча илимий-негиздүү критерийлер иштелип чыккан.
Реформалоонун ушул этабын жүргүзүү үчүн майда-чүйдөсүнө чейин толук негиздөө, илимий экспертиза жана экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү, ушул процесстерди ишке ашыруу үчүн ирилештирүүнүн уюштуруучулук схемаларын гана эмес, бюджеттик-экономикалык түрткү берүү чараларын да даярдоо талап кылынат.
Мамлекеттик саясаттын ар кандай маселелери боюнча атайын окутуучу программаларды ишке киргизүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча иштер активдештирилет.
Алтынчы - чек арага жакын аймактарды өнүктүрүү. Экономикалык жана социалдык милдеттер мамлекеттик чек ара коопсуздук маселелери менен тыгыз чырмалышкан чек арага жакын аймактарды өнүктүрүү боюнча чаралар иштелип чыгат. Мындай аймактар үчүн калкты экономикалык ишти кеңейтүүгө тартуу жана аны бекитүү үчүн социалдык маселелерди чечүү, экономикалык өбөлгөлөө чаралары көрүлөт.
Акыркы мезгилдерде Өзбекстан менен өз ара катнаштарда оң жылыштар болууда. Буга байланыштуу Өкмөт тарабынан Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бийликтин башка мамлекеттик органдары менен кызматташуудагы иштер тездетилет. Коңшу республика менен кызматташууну комплекстүү кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Эмгек рыногун өнүктүрүү жана эмгек миграциясын жөнгө салуу
Төмөн квалификациядагы эмгек ресурстары ашыкча болуп, бүгүнкү күндөгү экономика кесипкөй эмгектик ресурстарга тартыштыкты баштан өткөрүп жатат. Өлкөдө учурга ылайык экономиканы өнүктүрүү күч-аракеттерди жумуш орундарынын санын көбөйтүүгө эле эмес, ошондой эле жумуш күчүн сунуштоонун сапатын жөнгө салууга да топтоштурууну талап кылат. Кыргыз Республикасы үчүн эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу туруктуу өнүктүрүүнүн потенциалдуу башкы фактору болуп саналат.
Биринчи - бардык деңгээлде (мектептерде, лицейлерде, ЖОЖдордо) кесиптик билим берүүнү жакшыртуу. Мектептик билим берүү системасына кесиптик багыттоону киргизүү атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек ресурстарынын сунуштарын түзүү үчүн негиз жаратат. Жумушсуздук көйгөйү даярдалган адистердин квалификациясынын рыноктун суроо-талаптарына ылайык келбешинде турат. Ошондуктан адистерди даярдаган мекемелерге да, экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнү пландаштырып жаткан мекемелерге да талаптар кайра каралууга тийиш.
Эмгек ресурстарына, экономиканын экспортко багытталган чөйрөсү боюнча талап кылынган адистиктерге күтүлүүчү суроо-талапты аныктоо, андан кийин дал ушул категориядагы адистерди сапаттуу жана максаттуу даярдоо зарыл. Кесиптик билим берген жана даярдаган бардык уюмдар потенциалдуу эмгек рыногу менен кыйла тыгыз иштеши керек.
Артыкчылыктуу багыттар боюнча адистерди кесиптик жактан даярдаган алдыңкы мекемелерди технологиялык жактан кайра жабдуу маселеси иштелип чыгат.
Экинчи - башкаруу системасынын деңгээлинде да, ошондой эле жер-жерлерде аны ишке ашыруу деңгээлинде да бирдиктүү макулдашылган эмгек, ишке орноштуруу, миграция жана социалдык коргоо боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүү керек. Саясат калктын ички миграциясын тартипке салууга жана тышкы эмгек миграциясын цивилизациялуу өнүктүрүү шарттарын түзүүгө, экономикалык жактан активдүү калктын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталууга тийиш.
Эмгектеги өз ара мамилелердин системасы реформаланышы керек жана эмгек рыногун божомолдоо механизмдери жакшыртылышы зарыл.
Экономикалык активдүүлүктүн региондук борборлорун өнүктүрүүсү региондордо жумуш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө түзөт.
Тышкы миграция маселеси боюнча кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу менен катар Өкмөт алардын социалдык жана экономикалык укуктарын коргоого, алар орун алган жерлерде интеграциялоо үчүн социалдык-маданий даярдоого жана зарыл болгон учурда андан ары Кыргызстанга реинтеграциялоого көмөк көрсөтүшү керек.
Үчүнчү - Өз ишин Кыргызстанда жүргүзгөн чет өлкөлүк компаниялар үчүн милдеттүү чектүү эмгек квоталарын кайрадан карап чыгуу. Чет өлкөлүк инвесторлорду жергиликтүү эмгек ресурстарын тартуу үчүн экономикалык чаралар менен кызыктыруу же өтө көп сандагы улуттук адистерди жана жумушчуларды жалдоого өбөлгө түзө турган өзгөчө режимди түзүү керек. Социалдык милдеттер бөлүгүндө ийкемдүү салык салуу каражаттардын бири боло алат.
Төртүнчү - Социалдык фондго акы төлөөлөрдүн учурдагы системасын кайрадан карап чыгуу. Бизнестин да, пенсия менен туруктуу камсыз кылуунун да көз карашынан алганда, социалдык чегерүүлөрдүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу маселесин дыкаттык менен изилдеп чыгуу керек. Альтернативалуу варианттар, анын ичинде бирдиктүү социалдык салык түрүндө каралууга тийиш.
4. Инсан жана жаран келечектин негизи катары
Убакыттын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү экендигин эске алуу менен Өкмөт төмөнкү элементтерге көңүл бурат.
Биринчи - үй-бүлө институтун сактоо жана өнүктүрүү.
Жалпысынан социалдык коштоонун бүтүндөй системасы үй-бүлөнү бекемдөөгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого жана үй-бүлөлүк чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталууга тийиш.
Проблеманын системалуулугун жана кечиктирилгис чараларды көрүү зарылдыгын эске алып, Өкмөт мамлекеттик үй-бүлө саясаты үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органды аныктайт жана үй-бүлөнү өнүктүрүүнү колдоо боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгат.
Алдыдагы жылдарда Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына укуктарды өткөрүп берүү менен региондордо турмуштук кыйын кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча борборлордун тармагын түзүүгө ниеттенип жатат.
Ар бир райондо калктын керектөөлөрүн жана муктаждыктарын, региондогу демографиялык абалды эске алуу менен социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча жол карталары болууга тийиш.
Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо Өкмөт бекиткен каржылоо стандарттарын колдонуу менен программалык негизде болууга тийиш.
КР жарандарынын бала асырап алуудагы, камкордукка же көзөмөлдүккө алуудагы жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүп жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу зарыл.
Жетим балдарды асырап алууну каалагандардын мамлекеттик маалыматтык базасы ачык-айкындыктын принцибинде түзүлөт. Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык колдоо борборлору баланы асыроого алган үй-бүлөлөргө психологиялык жана методикалык жактан жардам көрсөтүшөт.
Экинчи - ичүүчү суунун коопсуздугу. Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге ичүүчү суунун коопсуздук көйгөйүнүн системалуулугун жана анын адам турмушунун башка бардык чөйрөлөрүнө таасирин эске алып ичүүчү суу менен жабдуу маселесинин артыкчылыгын колдоого алат. Калктын, өзгөчө саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын коопсуз ичүүчү суу менен камтылышын кеңейтүү камсыздалат.
Үчүнчү - калк арасындагы жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу.
Коомдук саламаттык сактоону өнүктүрүүгө, эл арасында профилактикалык иштерди жана диспансеризация жүргүзүүгө, жаш муундардын арасында сергек жашоо образын жана массалык спортту пропагандалоого өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жарандарга ден соолукту чыңдоо жана сактоо, оорулардын алдын алуу, медициналык-санитардык жардам алууда берилүүчү укуктар жөнүндө маселелер боюнча маалымат берүүгө багыт алат.
Ошондой эле саламаттык сактоо системасынын жакырчылык факторлору, миграция жана туура эмес жашоо образы проблемасы менен байланышкан энени жана баланы коргоо боюнча иш-чараларды кенен камтууну камсыз кылуу маанилүү.
Азыркы учурда өлкөдөгү каза болгондордун 50% кан айлануу системасы менен байланышкан. Мындай багыттар артыкчылыктуу багыттар болушу керек жана бул көйгөйдү чечүү үчүн комплекстүү программалар зарыл.
Төртүнчү - билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты. Бул багыттагы жооптуу министрликтер улуттук стандарттардын жана бекитилген регламенттердин сакталышын камсыздоого тийиш.
Бешинчи - заманбап технологияларды жана окутуунун методикаларын колдонуу менен 5,5тен 7 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү менен толук камтууну камсыздоо жана өлкөнүн бардык региондорунда мектепке чейинки билим берүү тармактарын, анын ичинде менчик тармактарды өнүктүрүү.
Балдардын коопсуздугун, өзгөчө алардын өнүгүүсүнүн алгачкы этаптарында укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу Өкмөт үчүн маанилүү иштерден болуп калат. Коомдо социалдык жат адамдардын пайда болушунун алдын алуу үчүн аларды өз убагында аныктоо жана эрте кийлигишүү социалдык коштоонун натыйжалуу чараларынан болууга тийиш.
Балдар арасында жакырчылыктын курчтугун жана тереңдигин төмөндөтүү боюнча чаралар сунушталат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдардын жөлөк пулдарынын белгиленген өлчөмдөрүн жыл сайын жогорулатуу пландаштырылууда.
Алтынчы - шаарларда - региондук өнүгүү борборлорунда окуу жана медициналык мекемелердин курулушуна ар кандай жекече инвестицияларга көмөк көрсөтүлөт, анын ичинде МЖӨ механизмдерин жана кошо финансылоону пайдалануу менен колдоого алынат. Өкмөт салык жеңилдиктерин кароого жана киргизүүгө, бийликтин жергиликтүү органдары менен бирге жер участокторун бөлүүгө даяр. Мында мамлекеттик органдар медициналык жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурат.
Жетинчи - мугалимдерди жана дарыгерлерди мотивациялоо/өбөлгөлөө, алардын статусун жогорулатуу. Мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша эмгек акы мугалимдердин жана дарыгерлердин дурус жашоосуна жетиштүү болушу керек. Мугалимдер жана врачтар үчүн "Арзан турак-жай" программасын, ошондой эле алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды ишке ашыруу улантылат. Окуу жайларда жана медициналык мекемелерде өз милдеттерин сапаттуу аткарууга мүмкүндүк берген материалдык-техникалык жабдуулар камсыз кылынып, шарттар түзүлөт.
Сегизинчи - билим берүүдөгү каржылоонун принциптери киши башына карата каржылоо негизине өтүшү зарыл, мында ар бир окуучуга арналган каражаттар толук көлөмдө мектепке чейин жана баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн ар бир уюмуна жетиши керек. Билим берүү кызматтарын каржылоо стандарттары кесиптик билим берүү чөйрөсүнө киргизилүүгө тийиш.
Билим берүүдө каржылоо системасын өзгөртүү билим берүүнү башкаруу системасын өзгөртүү менен коштолушу керек. Билим берүүнү башкаруу системасында фрагменттүүлүктү жана ар түрдүүлүктү жоюу зарыл.
Окуу жайларынын ортосундагы атаандаштыкты жогорулатуу жана билим берүү сапатын арттыруу үчүн мамлекеттик заказ системасын өзгөртүү зарыл. Артыкчылыктуу адистиктерге бөлүнүүчү каражаттар ЖОЖдорду өз алдынча тандай ала турган кыйла таланттуу жана мотивацияланган абитуриенттерге бөлүнүп берилет.
Тогузунчу - медицинага жана билим берүүгө жеке инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ишке киргизилет жана бир катар кызматтар рынокко аутсорсингге өткөрүп берилет. Ошону менен бирге, мамлекет тарабынан жеке мекемелер көрсөткөн кызматтардын сапатын жана толуктугун контролдоо камсыз кылынат.
Саламаттык сактоодо инфраструктуралык ыкмадан медициналык кызматкерлер көрсөткөн кызматтарды лицензиялоого өтүү зарыл, бул адистерди лицензиялоо жол-жоболорун көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатына жана коопсуздугуна багыттоого мүмкүндүк берет.
Онунчу - мамлекеттик тилди чыңдоо жана жаш муундарды өнүктүрүүнүн бардык этаптарында билим берүү программаларында көп тилдүүлүктү өнүктүрүү мамлекеттик билим берүү программасын ишке ашыруунун негизги шарттарынын бири болуп калат. Өкмөт өлкөбүздө билим берүү системасын өнүктүрүүнүн алдыдагы келечеги үчүн негиз түзүүгө тийиш. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын жана балдардын сапаттуу билим алышына шарттар түзүлүүгө тийиш.
Он биринчи - толук жарамдуу инсанды жана жаранды калыптандыруу. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерде патриоттукка тарбиялоо, жаштардын өз жөндөмдөрүн, анын ичинде спорт, маданий-эстетикалык, социалдык-коомдук активдүүлүктөрү аркылуу ишке ашырууга көмөктөшүү программалары ишке ашырылат. Коомдо жаңы социомаданий стандарттарды жана сергек турмуш үлгүлөрүн, креативдүүлүк жана турмушта өз ордун табуусун калыптандыруу зарыл, ошондой эле өлкөнүн келечегине багытталган адептик негиздерди жана моралдык принциптерди сыйлоо жана бекемдөө керек.
Кыргыз маданиятынын өзгөчөлүгү сакталууга жана көбөйтүлүүгө тийиш. Балет искусствосунун салттарын өнүктүрүп, кыргыз кинематографиясынын даңкын кайрадан жаратуу керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жакында кабыл алынган Маданият чөйрөсүн өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки программасына ылайык мамлекеттик заказ боюнча көркөм картиналарды жаратууга көңүл бөлүү зарыл.
5. Коомдук коопсуздук
Мамлекеттин негиз салуучу милдети болуп мамлекеттүүлүктү чыңдоо, мыйзамдуулукту, тартипти, улуттук жана коомдук коопсуздукту камсыздоо эсептелет. Коомдун укук коргоо системасына болгон ишенимин кайрадан калыбына келтирүү зарыл.
Бул милдет эл аралык экстремизмдин, радикализмдин жана терроризмдин тренддеринин өсүшү менен байланышкан дестабилдештирүү факторлорунун потенциалдуу болуу шарттарында өзгөчө маанилүү болот.
Биринчи - аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чек аранын бузулгустугун камсыздоо.
Мамлекеттик чек ара кызматынын потенциалын чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны талаптагыдай каржылоо мурдагыдай эле Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынан болуп калат.
Экинчи - укук коргоо органдарынын системасын реформалоо.
Өкмөт Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы Чечимин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 Укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралардын комплекси боюнча Жарлыгын ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде өз алдынча алты кызмат, анын ичинде криминалдык милиция кызматы жана коомдук коопсуздукту сактоо кызматы түзүлөт.
Укук коргоо органдарынын системасы аймактык бөлүмдөрдү чыңдоо менен борборлоштурулат. Облустук башкармалыктарда өзгөчө талдоо жана контролдоо функциялары калтырылат.
Патрулдук милициянын ишинде айдоочулук күбөлүктөрдү алып койгон учурлар азайтылып, айдоочулардын айып төлөөсү үчүн төлөө тармактары кеңейтилет. Ири шаарларда жана ага жакын жайгашкан облустарда Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды сүрөткө жана видеого тартуу боюнча автоматташтырылган система киргизилет. Патрулдук милициянын инспекторлору жолдун конкреттүү участокторуна же кварталдарына туруктуу негизде бекитилет. Аларга жол кырсыктарынын абалы, оперативдүү кырдаал жана өзү тейлеген участоктогу калк менен өз ара аракеттенүү боюнча жеке жоопкерчилик күчөтүлөт.
Үчүнчү - кесиптик жана моралдык-этикалык сапаттардын негизинде кадрларды сапаттуу тандоону камсыздоо.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айрым категорияларын конкурстук негизде тандоонун жол-жоболору киргизилет. Ошону менен бирге кызматкерлердин эмгек акысы жана аларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча адилеттүү шарттар камсыздалышы керек.
Укук коргоо органдарынын ар түрдүү бөлүмдөрүнүн жаңы функциялык милдеттерине негизденип, бул системадагы кызматкерлерди даярдоо процессин түп-тамырынан кайрадан карап чыгуу зарыл, ага байланыштуу Укук коргоо органдарынын академиясы түзүлөт.
Төртүнчү - Укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралардын комплексин аткаруу үчүн укук коргоо органдарынын ортосундагы тергөөгө караштуулугу бөлүштүрүлөт.
Экономикалык кылмыштуулук менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат иш жүргүзүп калат, ал аталган блок үчүн жоопкерчилик тартат. Коррупциялык багыттагы кылмыштар, ошондой эле баңги кылмыштары жөнүндө маселе каралмакчы.
Бешинчи - кылмыштарды электрондук эсепке алууну киргизүү.
Өкмөт укук коргоо органдарынын системасында, анын ичинде прокуратура органдарында кылмыштарды электрондук эсепке алууну, мындайча айтканда, Кылмыштарды электрондук эсепке алуу китебин (КЭК) колдонуу боюнча чараларды ишке ашырууну улантат.
Бул долбоорду ишке ашыруу кылмыштар жана кырсыктар жөнүндө бардык маалыматтарды системага салууга, ошондой эле аларды өз убагында каттоого алууга мүмкүндүк берет. КЭКти колдонууга киргизгенде бир да кылмыш катталбай калбайт. Бул ишти жалпы координациялоо прокуратура органдарына жүктөлөт.
Алтынчы - экстремизм жана диний радикализм көрүнүштөрүнүн алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү.
Өкмөт ведомстволордун арасындагы өз ара байланышта иштөөнү, региондук жана эл аралык терроризмге каршы түзүмдөр, терроризмге, сепаратизмге жана диний экстремизмге каршы чара көрүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүк боюнча атайын кызматтар менен кызматташтыкты күчөтөт.
Өкмөт жазаларды аткаруу системасында соттолгондорду жазасынын түрүнө жана коомго келтирген коркунучтуулук даражасына жараша бөлөк-бөлөк кармоого багытталган иштерди улантат. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана жаңы колонияларды курууга кошумча каражат бөлүнөт.
Окуу жайларда жана стратегиялык маанидеги объекттерди кошкондо ар кандай объекттердин терроризмден сактануусу боюнча биринчи кезектеги чаралар көрүлөт. Ал үчүн терроризмге каршы паспорт иштелип чыгып, турмуш-тиричиликти камсыздоонун бардык объекттерине киргизилет.
6. Айлана-чөйрөнү коргоо
Өкмөт айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырат жана экологияга зыян келтирүүчү долбоорлордун максатка ылайыктуулугун дыкат карап чыгат.
Биринчи - өндүрүштүк иштен айлана-чөйрө үчүн келтирилүүчү коркунучтарды азайтуу. Инвестициялык долбоорлорду экологиялык экспертизадан дыкат өткөрүү керек. Атап кетсек, жер казынасын пайдаланууда ар бир долбоор берилген жерлерди жана айлана-чөйрөнү рекультивациялоо боюнча инвесторлордун жетиштүү жана анык милдеттенмелерин кароого тийиш. Жалпысынан экологиялык фактор чечимдерди кабыл алууда эске алынышы жана айлана-чөйрөгө зыян келтирилген учурда нарктык баага ээ болушу керек. Ошондой эле экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн экономикалык жактан эсептелген төлөөнү киргизүү үчүн ченемдик актыларды кабыл алуу зарыл.
Экинчи - жаратылыштагы ресурстардын бардык түрүн рационалдуу пайдалануу.
Өлкөбүздүн ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана табигый тазалыгын сактоо боюнча программа иштелип чыгат. Эң негизги ресурс - сууга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. Өлкөнүн ичинде суу ресурстарын рационалдуу жана этият пайдалануу, ошондой эле биздин коңшуларыбыздан да тиешелүү мамилени талап кылуу өтө маанилүү.
Үчүнчү - энергияны үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулук, энергиянын альтернативдүү булактарын пайдалануу үчүн шарттарды түзүү. Альтернативдүү энергетиканы өнүктүрүүгө бардык инвестициялар үчүн жер участокторун берүү, продукциясын сатып алуу кепилдиктери, туруктуу баа коюу түрүндө преференциялар берилүүгө тийиш.
Төртүнчү - технологиялык базаны модернизациялоого дем берүү. Курчап турган чөйрөгө зыяны азыраак болгон технологиялык жактан кыйла заманбап жабдуулардын импорту үчүн өбөлгөлөөчү чаралар көрүлөт.
III. Максаттуу стратегиялык багыттар
Өкмөт өлкөдө сапаттуу өзгөрүүлөргө иш жүзүндө жетүүнү пландоодо:
- ИДПнын жылдык орточо иш жүзүндөгү өсүүсү ЕЭК методикасына жана рекомендацияларына ылайык аныкталган ЕАЭБ өлкөлөрү боюнча орточо көрсөткүчтөн жогору болот (5 пайызга чейин);
- инфляциянын жылдык орточо деңгээли - 5-7 пайыз интервалында;
- ИДПга карата бюджеттин дефицити - 5 пайыздан көп эмес.
***
Ушул Программаны ишке ашыруу эң оболу өлкөнү өнүктүрүүнүн бекитилген социалдык-экономикалык артыкчылыктарын улантуу принциптерине негизделет жана жарандардын бакубаттыгын жогорулатууга багытталат.
Туруктуу жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик кызматты саясаттан ажыратуу, ырааттуу макроэкономикалык саясатты жүргүзүү - Өкмөттүн маанилүү милдеттеринен болуп саналат. Мында Өкмөт жарандык коомдон жана бизнестен келип чыгуучу алгылыктуу демилгелерди толугу менен колдойт.
Өкмөт өз ишинде экономикалык өнүгүүнү, өлкөнүн финансылык туруктуулугун камсыздоого, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды сактоону эске алуу менен Евразия экономикалык союзунун алкагында интеграциялык процесстерди тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө өзгөчө басым жасайт. Ошону менен бирге Өкмөт жашоо-тиричилик системаларынын туруктуулугун камсыздоого, экономикалык өсүштүн туруктуу темптерине жетүүгө жана бардык социалдык милдеттерди аткарууга күч-аракетин жумшайт.
Улуттук долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыгында жаңы жумушчу орундар түзүлөт жана анын натыйжасында өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээли төмөндөйт, экономиканын негизги тармактарына чет өлкөлүк инвестициялар тартылат, инвестициялык климат, бизнес чөйрө жана өлкөнүн эл аралык рейтингдердеги позициясы жакшыртылат.
Программада чагылдырылган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу аркылуу билим берүүнү, саламаттык сактоону өнүктүрүү, пенсиялык камсыздоону жакшыртуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга кам көрүү үчүн шарттар түзүлөт. Ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлкөнүн потенциалын толук кандуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон экономикалык базаны калыптандырууга жөндөм түзүлөт.
Өкмөттүн программасы өзүнүн алдына реалдуу максаттарды коюуда, аларга жетүү үчүн мамлекеттик бийликтин бардык бутактарын, коомдук уюмдарды жана бизнести консолидациялоо талап кылынат. Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү чөйрөсүндө кыйла актуалдуу жана маанилүү демилгелерди талкуулоо боюнча координациялык кеңешти түзүү аркылуу коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүүгө өбөлгө түзүлөт.
Өкмөт коомдук-саясий туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди жүргүзөт, өлкөнү өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонот жана Кыргызстандын элинин ишенимине жана биримдигине жетүүгө умтулат.