Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры № 1098-VI
"Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 13-майындагы № 248 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды кабыл алсын;
- 2015-жылы республиканын бюджетин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары боюнча табылган кемчиликтерге жана тартип бузууларга жол берген министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчиликтерин аныктасын;
- жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|