Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры № 1100-VI
"Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 24-августундагы № 457 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй негизги параметрлер менен биринчи окууда кабыл алынсын:
ИДПга карата 25,7 пайыз салыштырма салмагы менен 126828552,6 миң сом жалпы суммасында республикалык бюджеттин кирешелери;
ИДПга карага 30,4 пайыз салыштырма салмагы менен 150150490,9 миң сом жалпы суммасында республикалык бюджеттин чыгашалары;
ИДПга карата 4,7 пайыз салыштырма салмагы менен 23321938,3 миң сом суммасында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин таңсыктыгынын чектик өлчөмү жана аны жабууга каржылоонун тышкы жана ички булактарынын каражаттары багытталсын;
"Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жоболоруна ылайык жалпы мамлекеттик салыктардын пландык келип түшүүлөрүнөн 2017-жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы кирешелерди бөлүштүрүү ченемдери;
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызынын жана мамлекеттик тышкы карызынын жогорку чеги;
республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы суммасына карата 0,15 пайыз өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга республикалык бюджетинде жана 2017-2018-жылдарга божомолунда резервдик фонддорунун ченемдик чоңдугу.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2015-жылдын аудитинин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тапкан каражаттарды кайтарып берүү боюнча чараларды күчөтсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштарынын аткарылышын камсыздасын:
республиканын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча долбоордук суммаларын бюджеттик классификацияга ылайык тактасын;
кичи жана орто бизнеске жана айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү үчүн эл аралык уюмдар жана өнөктөш өлкөлөр берген максаттуу гранттык жана кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсептериндеги ал каражаттардын калдыктарын азайтсын;
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин жоболорун толук ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук документтерди иштеп чыксын.
3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 10 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|