КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 1115-VI
"Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 6-октябрындагы № 533 токтому) "Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору четке кагылсын.
Төраганын орун басары | Н.Алимбеков |