Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 1127-VI
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт тууралуу
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы тууралуу маалыматты угуп жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-сентябрындагы № 489 токтомун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын толук көлөмүндө жыйналышын жакшыртууга жетишсин;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин кезектеги финансы жылына карата иштеп чыгууда киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдүн реалдуу белгиленишин камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун финансылык туруктуулугун чыңдоого багытталган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы мыйзам долбоорлорун өз мезгилинде демилгелесин.
Төраганын орун басары | Н.Алимбеков |