Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-декабры № 1163-VI
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Бокоев, Н.В.Никитенко жана У.Т.Кыдыралиев демилгелеген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|