Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-декабры № 1190-VI
"2016-жылдын 16-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду" даярдоо максатында грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 10-октябрындагы № 547 токтому) "2016-жылдын 16-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду" даярдоо максатында грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|