Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-декабры № 1210-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы № 1005-VI токтому менен түзүлгөн бузулган ун фактысын изилдөө жана анын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан сатылышын текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы № 1005-VI токтому менен түзүлгөн бузулган ун фактысын изилдөө жана анын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан сатылышын текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Ж.К.Турускуловдун маалыматын угуп, аталган маселе боюнча көрсөтүлгөн комиссиянын корутундусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык фондунун кызматкерлеринин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун карасын;
- төмөндөгү адамдарга карата: бузулган ун боюнча экспертизага жалган көрсөтмө берген кызматкерлер менен бөлүм башчыны кошуп алганда лабораториянын курамына, ошондой эле техникалык жана санитардык сактоо ченемдерин сактабагандыгы, башкача айтканда сактоо жол-жоболору боюнча аракеттерди аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасына жана борбордук базанын кампа башчысына жана кызматкерлерине карата чараларды көрсүн;
- бузулган ундун калдыктарын он күндүк мөөнөттө табуу жана аларды жок кылуу боюнча чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат:
- коррупциялык схемаларга карата даттанууларда көрсөтүлгөн фактылардын аныктуулугун текшерсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун эгин боюнча документтеринин толук аудитин жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун финансылык-чарбалык бөлүгүнүн бардык ички документтерин текшерүүнү жүргүзсүн.
Төраганын орун басары | А.Өмүрбекова |