Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 1724-VI
"2017-жылдын 30-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек-Ош авто жолундагы көчкүгө каршы коргоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана 2017-жылдын 31-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Бишкек-Ош авто жолундагы көчкүгө каршы коргоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 1-июнундагы № 332 токтом) "2017-жылдын 30-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек-Ош авто жолундагы көчкүгө каршы коргоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана 2017-жылдын 31-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICА) ортосундагы "Бишкек-Ош авто жолундагы көчкүгө каршы коргоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|