Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-июну № 1734-VI
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы:
1) нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чараларды улантсын. 2018-2022-жылдары Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) иштеп чыксын жана бекитсин:
2) улуттук валютадагы төлөмдү көбөйтүүгө жана экономикада доллар деңгээлин азайтууга өбөлгө түзсүн;
3) 2016-2020-жылдары калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун бекитилген программасынын алкагында иш-чаралар жүргүзсүн;
4) жооптуу мамлекеттик министрликтер жана ведомстволор/кызматтар менен бирдикте нак чет өлкө валютасын алмаштыруу чөйрөсүндө мыйзамсыз (лицензиясыз) ишкерликти аныктоо чараларын мезгил-мезгили менен жүргүзсүн жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен аларга таасир берүү чараларын көрсүн;
5) "Айыл чарбаны каржылоо" долбоорун ишке ашырууну колдоо үчүн кредиттик аукциондор алкагында банктарды кайра каржылоого берилген каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзсүн;
6) акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатынын маселелери боюнча Өкмөттүн жана Улуттук банктын ишин координациялоону күчөтсүн;
7) мамлекеттик бюджетти толуктоо максатында Өкмөттүн бош турган каражаттарын киреше алып келүүчү финансылык активдерге жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн караштырсын;
8) Кыргыз Республикасынын экономикасында монеттештирүү коэффициентин көбөйтүү боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыксын (30%га чейин жеткирсин);
9) Улуттук банктын эсеп ставкасынын төмөндөгөнүнө байланыштуу кредиттердин пайыздык ставкасын төмөндөтүү механизмин иштеп чыксын;
10) Экономиканы стимулдаштыруу үчүн сандык жеңилдетүү боюнча программаларды иштеп чыксын жана анын оң жана терс жактарын белгилөө менен Кыргызстанда аны колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө маалыматты берсин;
11) "Айыл Банк" ААК жана "РСК Банк" ААК мамлекеттик банктардын уставдык капиталын 100 млн. долларга чейин жана жүгүртмө капиталдарын 10 млрд. сомдон кылып көбөйтүү маселесин карасын;
12) ипотекалык кредиттөө же экспорттук-импорттук операциялар чөйрөсүндө "РСК Банк" ААКны адистештирүү маселесин карасын;
13) "Мамлекеттик кепилдик фонд" ААКга биригүү жолу менен "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы" ААКны өзгөртүп түзүү маселесин карасын;
14) жаңы акча банкноталарынын кийинки эмиссиясында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн акча белгилерин адаптацияласын;
15) накталай эмес эсептешүүгө алда канча толук өтүү максатында "Кыймылсыз мүлк менен накталай эмес эсептешүү жөнүндө" Мыйзам долбоор иштелип чыксын;
16) өлкөнүн экономикасына финансылык инвестицияларды тартуу боюнча шарттарды түзсүн жана саясатты жүргүзсүн;
17) Кыргызстандын финансылык рыногун өнүктүрүү үчүн эркин финансылык ресурстарды мобилизациялоо боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1) талкуунун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерди, ошондой эле 2016-жылга Улуттук банктын ишинин аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетунда белгиленген кемчиликтерди жойсун;
2) администрациялык чыгымдарды кыскартсын;
3) акча-кредит саясатын жүргүзүүдө инфляцияны орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүчтөн ашпаган 5-7 пайыз деңгээлинде кармап туруу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүзөгө ашырсын;
4) дүйнөлүк финансылык рыноктордун абалынын туруктуу мониторинг жүргүзүү, чет өлкөлүк банк-контрагенттердин финансылык абалына көз салуу жана дүйнөлүк финансылык рыноктордогу жагдайдын өзгөрүүсүнө өз убагында шайкеш чара көрүү аркылуу эл аралык резервдердин ликвиддүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти улантсын;
5) эл аралык резервдерди толуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын ички рыногунда алтынды улуттук валютага сатып алууну жүзөгө ашырсын;
6) өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу принцибине таянсын жана алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында интервенцияларды жүргүзсүн;
7) баанын туруктуулугун сактоо саясатынын алкагында коммерциялык банктардын Кыргызстандын экономикасын кредиттөөсүн арттыруу үчүн шарттарды түзсүн;
8) кызыкдар тараптар менен биргеликте банк секторун жана микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыксын;
9) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык, коммерциялык банктар уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды сакташына мониторингди жана башка иш-чараларды жүргүзсүн;
10) экономиканы кредиттөөнүн ресурстук базасын арттыруу максатында банк секторуна инвестицияларды тартуу үчүн максатка багытталган ишти жүргүзсүн;
11) чет өлкөлүк инвесторлор Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаңы банктарды, чет өлкөлүк банктардын филиалдарын ачууда көмөк көрсөтсүн жана алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташын талап кылсын;
12) активдердин классификациясынын негиздерин жана РППУну түзүүнү эл аралык практикага ылайык келтирүү боюнча иштер улантылсын;
13) чет өлкөлүк валюта жагындагы алмашуу операциялары рыногунда алып-сатарлыкка жана кыйчалыштарга жол бербөө максатында коммерциялык банктар жүргүзүп жаткан казына операцияларына, атап айтканда, чет өлкөлүк валютаны алмашуу операцияларына натыйжалуу жана өз учурунда көзөмөлдүктү камсыз кылсын;
14) калктын ушул өбөлгөлөргө жетүүсүн камсыз кылуу үчүн алдыңкы финансылык технологияларды эске алуу менен нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр системасын өркүндөтсүн;
15) Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жана нак эмес эсептешүүлөрдү жайылтуу даражасын арттыруу боюнча чараларды көрсүн;
16) финансы-кредиттик мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого байланышкан сапаттуу жана өз убагындагы иштерди жүргүзсүн;
17) калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, Улуттук банк жүргүзүп жаткан акча-кредит саясатын түшүнүүнү калыптандыруу максатында коомчулукка активдүү маалымдоону жүргүзсүн;
18) макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту сактоо жана 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында аныкталган стратегиялык багыттарга жана артыкчылыктарга жетүүнү камсыздоо боюнча чараларды көрсүн;
19) 2018-жылдын 1-январына карата экономиканы монеттештирүү коэффициентин ИДПга 35 пайызга чейин жеткирсин жана коммерциялык банктар тарабынан берилүүчү кредиттер боюнча пайыздык ставканы
12) пайызга чейин төмөндөтүү боюнча механизмди киргизсин;
20) Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракелик монетаны өз учурунда чыгарууну камсыз кылсын.
Улуттук банк төмөнкү багыттар боюнча ишти улантсын:
21) финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү;
22) банктык жана микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү;
23) "2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагына банктык жабдууларды алып келүү жөнүндө" Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын ортосундагы макулдашууну аткаруунун алкагында жана
2012-2017-жылдары Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруунун алкагында республиканын региондорунун алыстыгын эске алуу менен банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча төлөм инфраструктурасын кеңейтүү максатында коммерциялык банктар банктык жабдууларды (банкоматтарды/РОS-терминалдарды, банктык күркөлөрдү) алып келүү милдеттенмелерди аткаруусун контролдоо;
24) үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алууну ишке ашырган банктык эмес уюмдардын ишин лицензиялоо жана алардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүүнү жүргүзүү;
25) коммерциялык банктардын финансылык абалына, ошондой эле активдердин жана милдеттенмелердин түзүмүнүн, анын ичинде алардын валюта түзүмүнүн өзгөрүүсүнө мониторинг жүргүзүү;
26) финансы-кредиттик мекемелердин финансылык кызмат көрсөтүүлөрүнө калктын жетүүсүн кеңейтүүгө көмөктөшүү.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|