Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 1783-VI
"2017-жылдын 9-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн Экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 7-июнундагы № 345 токтом) "2017-жылдын 9-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн Экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|