Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-майы № 1594-VI
Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин жана 2019-2020-жылдарга божомолунун негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктаган Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Бюджеттик резолюциясынын жана 2019-2020-жылдарга божомолунун долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин учурдагы аткарылышы жөнүндө маалымат эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2019-2020-жылдарга божомолу жактырылсын (тиркелет).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Бюджеттик резолюциясында жана 2019-2020-жылдарга божомолунда аныкталган негизги артыкчылыктарына жана багыттарына ылайык "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоону камсыз кылсын;
төмөндөгүдөй жоболорду караган мыйзам долбоорлорун киргизсин:
- интернет-жарнакты жана электрондук сооданы жүргүзүү жана аларды тескөө боюнча кызматтарга салык салуу;
- кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү жүргүзүүдө чекене эмес төлөмдөрдү пайдаланууну кеңейтүү;
"капиталдык салымдар" беренеси боюнча бюджеттик каражаттардан каржылануучу курулуштардын, имараттар менен курулмаларды реконструкциялоонун тизмесине киргизүү үчүн негиз болуучу мектептердин, балдар бакчаларынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин курулуп бүтпөгөн, авариялык абалдагы жана эскирген (70 жылдан ашык) имараттарынын маалымат базасын түзүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интернет-сайтына жайгаштыруу;
төмөнкүлөр боюнча чараларды кабыл алсын:
- мындан ары бирдиктүү казыналык эсептин режиминде жана кассалык божомолдоонун ыкмасын колдонууда казыналык тутумдун иштешин өркүндөтүү;
- республикадагы бирдиктүү казыналык эсептин маалыматтык тутумун коргоону жана коопсуздугун камсыз кылуу;
- салыктардын чогултулуусун жогорулатуу жана божомолдонгон мамлекеттик чыгымдарды өз убагында каржылоо максатында бюджеттин кирешелерин жоготууга жол бербөө;
- өлкөбүздүн экспорттук дараметин жогорулатуу;
- республиканын бюджетине дивиденддердин түшүүлөрүн көбөйтүү максатында мамлекеттик ишканалардын натыйжалуу иш-аракеттерине жетишүү;
2016-2017-жылдары бажылык жеңилдиктерди берүү (бажылык төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу) боюнча талдоону жүргүзсүн жана 2017-жылдын 1-октябрына тиешелүү маалыматтарды берсин;
жалпы билим берүүчү мектептерди материалдык-техникалык жабдууга бөлүнүүчү каражаттардын көлөмүн көбөйтүү боюнча маселелерди карасын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын № 19 мекемесинде (Жаңы-Жер айылы) сметалык наркы 374,0 млн. сом болгон режимдик корпустарды курууну аяктасын;
Баткен областында тергөө изоляторун (СИЗОну) жана Беловодское айылындагы адистештирилген кесиптик-техникалык окуу жайынын базасында тергөө изолятору бар катуу режимдеги аялдар колониясын куруунун долбоордук-сметалык документациясын иштеп чыксын;
атайын техниканы (ассенизатордук автомашиналарды), тереңде иштөөчү насосторду сатып алуу жана машиналар менен жабдууларды, эмеректерди жана офистик жабдууларды, медициналык жабдууну жана кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарын, анын ичинде ички байланыш каражаттарын капиталдык оңдоону жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматына каражаттарды тапсын;
төмөнкүлөр боюнча ишти улантсын:
- 2018-2020-жылдарга республикалык бюджетте 5,0 млрд. сом суммасындагы каражаттарды карап, Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автомобиль жолун капиталдык оңдоо;
- Баткен областындагы коңшу мамлекеттердин аймактарын жана анклавдарын айланып өтүү менен Көк-Таш - Аксай - Тамдык, Аксай - Рават, Самаркандек - Мадыген - Даркум, Айгүл-Таш - Согмент-Таян, Кулунду - Максат автомобиль жолун, Ош - Баткен - Исфана жолунун 266-280 км участогун куруу;
төмөнкүлөрдү финансылоо боюнча каражаттарды тапсын:
- Чүй районунун Кош-Коргон айыл аймагынын Кош-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы мектептин курулушун аяктоону;
- Нарын областынын Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы орто мектептин спорт залын курууну (12,0 млн. сом пайдаланылган эмес);
- Бишкек шаарындагы № 73 орто мектептин имаратынын экинчи блогун (сууда сүзүүчү бассейнди) реконструкциялоону;
дача участокторунда жашаган жарандардын социалдык маселелерин, анын ичинде аларды көчүрүү маселелерин чечүү боюнча чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Д.Төлөнов |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1594 токтомунун № 1 тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2019-2020-жылдарга божомолу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 70-беренесине ылайык иштелип чыкты.
Ушул жылдарга өлкөнүн бюджетинин орточо мөөнөттүү божомолунун параметрлерине, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген "Ишеним жана биримдик" боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын жобосуна (2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын сунуштарына ылайык Бюджеттик резолюцияда төмөнкүдөй багыттар аныкталды:
1. Мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу максатында туруктуу фискалдык саясатты камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
2. Ишкердиктин салык жүгүн жеңилдетүү, экономикалык кылмыштарды кыскартуу менен республиканын экономикасын өнүктүрүүнү стимулдаштыруу.
3. Бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруу максатында социалдык саясатты, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, маданият системаларын реформалоо.
4. Туруктуу региондук саясатты алардын экономикалык өсүшүн жогорулатуу, дотация берүүнүн деңгээлин төмөндөтүү менен камсыз кылуу.
Ушул бюджеттик резолюциянын негизги артыкчылыктары жана багыттары Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга республикалык бюджетинин негизги параметрлерин түзүү үчүн багыт болот.
2018-2020-жылдары төмөнкүдөй негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр камсыз кылынууга тийиш.
Көрсөткүчтөр | 2018-ж. | 2019-ж. | 2020-ж. |
божомол | божомол | божомол | |
ИДП, млн. сом | 538134,8 | 589873,1 | 648480,1 |
Өсүштүн реалдуу темпи, % | 3,6 | 4,8 | 5,2 |
ИДП Кумтөрдү кошпогондо, млн. сом | 497400,5 | 546021,3 | 599714,2 |
ИДПнын өсүшүнүн реалдуу темпи (Кумтөрдү кошпогондо), % | 4,8 | 4,9 | 4,8 |
Инфляция (өткөн жылдын декабрына карата керектөө бааларынын индекси (КБИ), % | 5,7 | 5,1 | 4,5 |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аныктаган бюджеттик саясаттын негизги артыкчылыктары Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө Мыйзамдын долбоорун түзүү учурунда эске алынууга тийиш.
1. Мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу максатында туруктуу фискалдык саясатты камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жоболоруна ылайык келтирүү менен бекемделүүгө тийиш жана төмөнкүлөрдү карайт:
ар кандай түрдөгү колдонуудагы жеңилдиктерди, анын ичинде салык жана башка социалдык жеңилдиктерди жокко чыгаруу менен так финансылык саясатты жүргүзүү;
бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна баа берүү системасын аларды аткаруу көрсөткүчтөрүнүн негизинде өркүндөтүү;
эл аралык стандарттардын жана ченемдердин негизинде, бюджеттик программаларды аткарууга багытталуучу финансылык ресурстардын жалпы өлчөмүн аныктоо;
керектөө бааларынын индекстеринин түзүлгөн деңгээлдерин эске алуу менен абсолюттук белгилерде (патенттер) аныкталган салык салуу ставкаларын өзгөртүү максатында Салык кодексине өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана киргизүү;
бюджеттин кирешелерин негизсиз жоготууларды болтурбоо үчүн бюджетке төлөмдөрдүн түшүшүн тескөөнү башкарууну жакшыртуу жагынан салык жана бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү;
республиканын экономикасында жаңы технологияларды этап боюнча ишке киргизүү:
- интернет-портал аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү;
- республиканын бюджетине салыктарды, социалдык чегерүүлөрдү, бажылык жана салыктык эмес төлөмдөрдү жана башка төлөмдөрдүн түрлөрүн төлөөдө электрондук төлөөлөрдү пайдалануу;
- интернет-жарнакты жана электрондук сооданы жүргүзүү жана аларды тескөө боюнча кызматтарга салык салуу;
- салык органдарына, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун органдарына отчётторду тиркемеси менен берүүдө электрондук санарип кол тамгасын пайдалануу;
- кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү жасоодо чекене эмес төлөмдөрдү пайдаланууну кеңейтүү;
жол-транспорт кырсыгынын деңгээлин төмөндөтүүнү камсыз кылуучу "коопсуз шаар" программасын ишке киргизүү;
төмөнкүлөр үчүн экологиялык салыкты киргизүү жөнүндө маселени кароо:
- булгоочу заттардын атмосфералык абага чыгарылышы;
- саркынды суулардын же булгоочу заттардын курчап турган чөйрөгө агызылышы;
- курчап турган чөйрөгө зыяндуу таасир этүүчү жана аларды чогултуу, зыянсыздандыруу жана (же) пайдалануу системаларын уюштурууну талап кылган өндүрүш калдыктарын сактоо, көмүү;
мамлекеттик менчик объекттерин натыйжалуу башкарууну, атап айтканда, мамлекеттик менчик объекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү аркылуу камсыз кылуу;
эмгек акыны индексациялоону эске алуу менен бюджеттик чөйрөдө эмгек акынын, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын деңгээлин этап-этабы менен жогорулатуу боюнча Концепцияны иштеп чыгуу;
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жана Жазык-аткаруу кодексинин жоболорун ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстар менен камсыз кылуу;
куралдарды жана аскер техникасын, аскерлердин аскердик даярдыгын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө бюджеттик каражаттарды артыкчылыктуу багыттоону камсыз кылуу максатында аскердик түзүлүштөрдүн жана укук коргоо органдардын түзүмүн жана санын оптималдаштыруу;
бирдиктүү электрондук порталды киргизүүгө байланыштуу ("Тикелей келишим түзүү методу менен сатып алуу" деген 21-беренени алып салуу) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
сапатты баалоо, баа саясаты жана товарлардын (жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) техникалык мүнөздөмөлөрү үчүн тендердин (конкурстун) катышуучулары сунуш кылган параметрлерди баалоонун комплекстүү методун киргизүү;
чаралардын комплексин ишке ашыруунун, анын ичинде контролдук-кассалык машиналардын көрсөткүчтөрүн онлайн режиминде салык кызматынын органдарына берүү функциясы менен аларды биротоло колдонууга өтүүнү аяктоонун негизинде экономиканы накталай эмес төлөмдөргө которууну камсыз кылуу;
2018-2019-жылдары кирешелерди мыйзамдаштыруунун жана капиталга мунапыс берүүнүн экинчи этабын жүргүзүү;
чыгымдарды декларациялоого этап-этабы менен өтүү үчүн иш-чараларды даярдоо;
акциздик продукцияны электрондук маркалоонун жаңы технологиясынын өбөлгөлөрүн киргизүү: штрих-коддор, Q-код коюу, RFID-технологиялар, NFC-белгилери жана башкалар;
колдонуудагы натыйжалуу эмес салык жеңилдиктерин жана преференцияларын түгөлдөө жана жокко чыгаруу;
салыктык эмес төлөмдөрдү классификациялоого жана башкарууга бирдиктүү ыкманы түзүү;
мыйзамдарды өркүндөтүүнү эске алуу менен, бюджеттер ортосундагы максаттуу трансферттерди аныктоодо эске алынуучу чыгымдардын көлөмүн аныктоо ыкмаларын колдонуу аркылуу мамлекеттик социалдык стандарттардын жана нормативдердин негизинде мамлекеттик бюджеттин жергиликтүү бюджеттер менен өз ара алакасын өркүндөтүү.
Кыргыз Республикасынын казыналыгындагы бирдиктүү автоматташтырылган тутумдагы маалыматтардын базасын топтоонун жана ага берүүнүн коопсуздугун камсыздоочу маалыматтык коопсуздуктун жана коргоонун тутумун жана республикалык мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдары менен аларды алмашууну киргизүү.
2. Ишкердиктин салык жүгүн жеңилдетүү, экономикалык кылмыштарды кыскартуу менен республиканын экономикасынын өнүгүшүн төмөнкүлөр аркылуу стимулдаштыруу:
сатып алынуучу товарларга (жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө) максималдуу жана минималдуу бааны аныктоонун объективдүү принциптерин ишке ашыруу максатында сатып алынуучу товарларга (жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө) баалар боюнча мониторингдин жана баа берүүнүн, анын ичинде консалтингдин адистешкен талдоо борборун түзүү;
стратегиялык мааниси бар инвестициялык жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гана багытталуучу ички дүң продуктунун 1 пайызынан ашпаган көлөмдө мамлекеттик кепилдиктерди берүү;
салык жеңилдиктерин берүүнүн укукка ылайыктуулугу жана аларды ишкердиктин субъекттери максаттуу пайдаланышы үчүн талаптагыдай контролду камсыз кылуу;
автомобиль жолдорунун ички тармагын эл аралык стандарттарга ылайык келтирүүнүн эсебинен транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;
эл аралык транспорттук коридорлорду реабилитациялоо;
кургак жердеги жана суу транспортун, жарандык авиацияны өнүктүрүү жана абадагы коопсуздукту камсыз кылуу;
турак жай-коммуналдык чарбаны өркүндөтүү жана турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан негизделген тарифтерди белгилөө;
керектелүүчү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын абалына кыйыр таасир этүү менен атаандаштыкты өнүктүрүү чараларынын тутумун түзүп, айрым социалдык-маанилүү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүүсүн токтотуп туруу;
экономикага фискалдык жүктү бара-бара азайтуу менен салык салуу базасын турукташтыруу; республиканын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн реалдуу болжолдуу макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таянуу менен бюджеттин кирешелерин болжолдоо;
эркин экономикалык зоналардын ишине салык салуунун деңгээлин сактоо жана алардын аткарылышына мамлекеттик контролду күчөтүү менен алардын ишин активдештирүү;
мамлекеттик мүлктү түгөлдөөнү аяктоо жана мамлекеттик менчик объекттерин эсепке алуунун жана башкаруунун бирдиктүү базасын түзүү, ошондой эле потенциалдуу сатып алуучулардын суроо-талабына ээ болбогондорду сатууну жүзөгө ашыруу;
кошумча нарк салыгынын ордун өз учурунда бюджеттик толтуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболорун сактоо;
бюджеттик каражаттарды багыты боюнча пайдаланбаганда, анын ичинде товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендерди (конкурстарды) өткөрүү учурунда коррупциялык жана кызматтык бузууларды кыскартуу боюнча чараларды көрүү;
мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн шарттарында турак жай-коммуналдык жана жол чарбасын өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу, мамлекет менен бизнестин ушундай кызматташтыгын ченемдик-укуктук жана методологиялык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү.
3. Бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруу максатында социалдык саясатты, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, маданият системаларын реформалоо төмөнкүлөрдү талап кылат:
мамлекеттик бийлик органдарынын администрациялык чыгымдарына каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөө боюнча чараларды көрүүнү;
калктын аз камсыз болгон катмарларына жана жарандардын айрым социалдык категорияларына социалдык турак жайды берүүгө байланышкан иш-чараларды мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырууну;
пенсияларды чектөө, кайра эсептөө жана индексациялоо тартибин өркүндөтүүнү, анын багытынын негизине карабастан, аларды индексациялоонун бирдей шарттарын түзүүнү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын региондук (областтык) бөлүмдөрүн ачууну;
төмөнкүлөр үчүн финансылоонун кошумча булактарын табууну:
- "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну, атап айтканда, адамдарды сатуунун курмандыктары убактылуу жашап турушу үчүн башпаанектерди жана адамдарды сатуунун курмандыктарына колдоо жана жардам көрсөтүү борборлорун тиешелүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдөрүндө түзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 токтому менен кабыл алынган Кыргыз Республикасында Пенсия менен камсыз кылуу системасын өнүктүрүү Концепциясына ылайык иш стажын эске алуу менен педагогикалык кызматкерлерге пенсияны этап-этабы менен жогорулатууну;
- республиканын статистикалык органы аныктаган үй-бүлөнүн кирешелеринин минималдуу деңгээли менен салыштырганда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын реалдуу төлөө кудуретин эске алуу менен аларга ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды берүү жагынан чараларды көрүүнү;
жалпы билим берүүчү мектептердин Базалык окуу планындагы башка предметтер боюнча жүктөрүн улам оптималдаштырып, англис тили менен информатиканын жумалык жүгүн этап-этабы менен көбөйтүүнү;
жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин квалификациясын милдеттүү түрдө жогорулатуу жөнүндө "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун аткарууну камсыздоо;
театрларга, көркөм өнөр жамааттарына, концерттик жана цирк мекемелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү;
бул каражаттарды артыкчылыктуу инвестициялык программаларды/долбоорлорду ишке ашырууга багыттоо аркылуу, аларды баалоону эске алуу менен бюджеттин чыгымдарынын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууну;
суу менен жабдуунун жана сууну агызуунун борбордоштурулган системаларын реконструкциялоону жана курууну финансылоону камсыз кылууну;
бюджеттик чөйрөдө энергетикалык ресурстарды үнөмдүү чыгымдоо максаттары үчүн энергиянын натыйжалуулугунун жана энергияны үнөмдөөнүн маселелерин чечүүгө бюджеттен каражаттарды багыттоону;
жалпыга милдеттүү мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу фонддорунун администрациялык чыгымдарын оптималдаштырууну, алардын максаттуу багытталышына жана колдонулушуна талаптагыдай контролду жүзөгө ашырууну.
4. Туруктуу региондук саясатты алардын экономикалык өсүшүн жогорулатуу, дотация берүүнүн деңгээлин төмөндөтүү менен камсыз кылуу төмөнкүлөр менен жетишилүүгө тийиш:
региондордо жашоонун сапатын жакшыртуу жана региондорду өнүктүрүүдө диспропорцияны олуттуу төмөндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу;
региондорду инвестициялык колдоо программаларын сапаттуу даярдоо;
дотацияларды жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү механизмин өркүндөтүү, ошондой эле бюджеттерди казыналык тейлөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында чараларды иштеп чыгуу;
финансылык жардамдын бардык түрлөрүнүн бирдиктүү критерийлери боюнча бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү механизмин тактоо;
региондордун атаандаштыкка кудуреттүүлүгүнүн жана инвестициялык жагымдуулугунун деңгээлин, макулдашылган артыкчылыктарды жана региондорду өнүктүрүү, регион аралык байланыштарды чыңдоо боюнча борбордук жана жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын аракеттерин жогорулатуу;
жергиликтүү бюджеттердин деңгээлинде бюджеттик процессте программалык-максаттуу методду киргизүү;
төмөнкүлөр боюнча чараларды көрүү:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелүү органдарынын санын көбөйтүү, салык жана башка төлөмдөрдү структуралык өзгөртүп түзүү аркылуу мамлекеттик бюджетте жергиликтүү бюджеттердин деңгээлин жогорулатуу;
- региондорду өнүктүрүү программаларында, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программаларында региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын пайдалануу.