Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-майы № 1606-VI
"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ч.А.Турсунбеков, Д.Д.Бекешев, М.А.Аманкулов, У.Б.Примов, К.Ж.Рыспаев, А.Б.Баатырбеков, К.К.Керезбеков, М.К.Жеенчороев, Д.Б.Аттокуров, К.Ш.Баймуратов, А.М.Эргешов, С.М.Жураев, А.М.Нурбаев, А.А.Карашев, А.Ү.Жапаров, М.Э.Сабиров, Т.З.Зулпукаров жана А.Т.Алтыбаева демилгелеген "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн анын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Д.Төлөнов |