Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-февралындагы N 107 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН
ТОКТОМУ
2001-жылдын 30-январы N 30/46
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2001-жылга карата финансылык жана социалдык-экономикалык саясат жөнүндө Биргелешкен билдирүүсү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылышат:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2001-жылга карата финансылык жана социалдык-экономикалык саясат жөнүндө Биргелешкен билдирүүсү жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2001-жылы инфляциянын деңгээлин жогоруда аталган билдирүүнүн чектеринде кармоо боюнча Биргелешкен иш-аракетинин планын түзүү максатында министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, областтык мамлекеттик администрациялар жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу инфляциянын деңгээлин кармоого багытталган конкреттүү иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бир аптанын ичинде беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте министрликтер менен ведомстволордон алынган маалыматтарды жалпылап жана талдап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2001-жылы инфляциянын деңгээлин кармоо боюнча Биргелешкен иш-аракетинин макулдашылган планын 2001-жылдын 15-февралына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2000-жылдын 16-февралындагы N 81/71 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2000-жылга карата финансылык жана социалдык-экономикалык саясат жөнүндө Биргелешкен билдирүүсү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасы
К.Бакиев У.Сарбанов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2001-жылга финансылык жана социалдык-экономикалык саясат жөнүндө биргелешкен билдирүүсү
Макроэкономикалык саясат
Кыргыз Республикасынын Президенти А.А.Акаевдин Кыргызстандын элине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Өнүккөн коом, бакубат мамлекетке карай" деген Кайрылуусуна ылайык 2001-жылга финансы-экономикалык саясат адамзаттын жаратмандык дараметин жүзөгө ашырууга шарт түзүү аркылуу жакырчылык деңгээлин азайтууга багытталган.
Калктын жашоо - деңгээлин жакшыртуу үчүн мамлекеттик программа граждандык коомдун бардык бутактарынын жана республиканын жеке секторунун кеңири катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгуучу, 2010-жылга чейин Кыргызстандын өнүгүшүнүн комплекстүүнегиздери жана 2003-жылга чейин жакырчылыкты азайтуунун Улуттук стратегиясы болот.
2001-жылга негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн максаттуу мааниси төмөндөгүдөй деңгээлде аныкталган:
- ИДПнын реалдуу өсүшү кеминде 7%
- инфляциянын деңгээли 10-12%тен жогору эмес
- бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 5,8%
- учурдагы операциялардын эсебинин тартыштыгы ИДПга карата 8,2%
Көрсөтүлгөн максаттарга жетишүү үчүн 2001-жылы төмөнкүлөр каралууда:
- макулдашылган акча-кредит жана бюджеттик-салык саясатын жүргүзүү;
- жеке сектордун таламдарында укуктук чөйрөнү андан ары реформалоо;
- финансы системасынын туруктуу иштеши;
- салык түйшүктөрүнүн бирдей кылуу жана кирешелердин туруктуулугун
арттыруу максатында салык салуу базаларын кеңейтүү;
- Кыргызстандын экономикасына тике жеке инвестицияларды артыкчылыктуу тартуу.
Реалдуу секторду өнүктүрүүнүн артыкчылыктары туризм индустриясын, айыл чарбаны жана кайра иштетүүчү өнөр жайды кошо алганда жеке сектор болуп саналат.
Акча-кредит саясаты
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2001-жылы экономиканын туруктуу өсүшүнүн, ички финансы ресурстарын мобилизациялоонун жана инвестицияларды тартуунун шарттарынын бири катарында инфляцияны андан ары кармоого багытталган акча-кредит саясатын жүргүзөт.
Улуттук банк финансы секорун турукташтырууга, чарбакер субъектердин жана калктын арасында инфляциялык күтүүлөрдү азайтууга, банк системасына карата алардын ишенимин арттырууга багытталган ишти улантат.
Улуттук банктын акча-кредит саясаты өз максаттарына жетүүдө ырааттуулук принциптерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономикалык жана бюджеттик салык саясаты менен макулдашуу принциптерине негизденет.
Инфляцияны төмөндөтүүнүн жана акчага болгон суроо талапты канааттандыруунун ортосундагы оптималдуу баланска жетишүү акчаны жүгүртүүгө чыгарууну жөнгө салуу аркылуу ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте инфляциянын көрсөткүчүн 10-12% деңгээлинде (2001-жылдын декабры 2000-жылдын декабрына карата) кармоо максатында зарыл чараларды көрөт. Максаттуу көрсөткүч экономиканын өнүгүү тенденциясын, 2001-жылга мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынын болжолдонгон көрсөткүчүн, ошондой эле электр жана жылуулук энергиясына тарифтердин мүмкүн болуучу жогорулашын эске алуу менен аныкталган. Орто мөөнөттүү келечекке инфляциянын көрсөткүчүн бир разряддуу чоңдук деңгээлине чейин төмөндөтүү милдети турат.
Улуттук банк ликвиддүүлүктү башкаруу боюнча рынок шаймандарын карманат, ал ачык рыноктогу операцияларды, кредит берүүнүн резервдик талптары менен механизмдерин камтыйт. Улуттук банк акча-кредиттик жөнгө салуу инструменттерин өркүндөтүү боюнча иштерди улантат.
Улуттук банк мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, банк системасынын ликвиддүүлүгүн башкаруу, мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын каржылоо жана мамлекеттик карызды тейлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте иш-аракеттерди координациялоону жакшыртуу чараларын көрөт.
2001-жылы өзгөрүп туруучу алмашуу курс саясатын улантат, ал эми Улуттук банктын банк аралык валюталык соодаларга катышуусу алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн жөнгө салуу жана алып сатма операцияларынын алдын алуу максатында ишке ашырылат. Өзгөрүлмө алмашуу курс саясаты Улуттук банктын эл аралык резервдерин тийиштүү деңгээлде кармап туруусун камсыз кылат жана алмашуу курсунун республиканын экономикасынын абалына индикатор болуп кызмат кылышына мүмкүндүк берет.
Банк системасын турукташтыруу Улуттук банктын артыкчылыктуу милдеттери бойдон калат. Ушуга байланыштуу банктардын финансылык абалын талдоону өркүндөтүү, проблемалуу банктарга карата өз убагында чара көрүү, банк ишин жөнгө салуучу мыйзамдык жана нормативдик базаларды андан ары өнүктүрүү кыйла маанилүү болуп саналат. Коммерциялык банктардын аткаруучу кызмат адамдары өз иштеринин натыйжалары үчүн алардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча мыйзам актыларынын долбоолору иштелип чыгып, банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин иш-аракеттерин жөнгө салуунун нормативдик базасы өркүндөтүлөт. Улуттук банк коммерциялык банктардын ишенимдүүлүгүн арттырууга жана банктарга карата калктын ишеничин чыңдоого багытталган чараларга көңүл бөлөт.
Улуттук банк банктарга бирдей шарт түзүү, ошондой эле банк секторуна чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү саясатын көздөйт. 2001-жылы Расчеттук - аманат компаниясын менчиктештирүү жана АООТ Кайрат банкты реструктурлаштыруу, Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясын Кыргыз айыл банкына кайра түзүү иштерин жүргүзөт.
Төлөм операцияларын автоматташтырууну жана төлөм шаймандарынын жаны формаларын пайдаланууну кошо алганда төлөм системасынын функционалдык компоненттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктар жана төлөм системасынын башка катышуучулары менен өз ара аракетте ишке ашырылат.
Бюджеттик-салык саясаты
Мамлекеттик чыгымдардын саясатынын башкы максаты мамлекеттин бардык социалдык гарантияларын толук жана өз учурунда каржылоо, экономикалык өсүш үчүн ыңгайлуу шарт түзүү болуп саналат.
2001-жылы мамлекеттик чыгымдардын бюджеттик саясатынын негизги багыттары төмөнкүлөр болмокчу:
- бюджеттин ачык-айкындуулугун арттыруу;
- Мамлекеттик инвестициялар программасынын (МИП) чектеринде чыгаша
бөлүгүн аткаруу боюнча иштерди өркүндөтүү;
- каржылоонун артыкчылыктуу программаларын аныктоо;
- тышкы карызды тейлөөгө Өкмөт тарабынан контролдук күчөтүү;
- мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун андан ары чыңдоо жана жогорулатуу;
- Казначылык системасын чыңдоо жана бекитилген бюджетке бекем ылайык жер-жерлерде каражаттардын чыгамдалышына контролдукту камсыз кылуу;
- бюджеттик процесске мамлекеттик финансы ресурстарын орточо мөөнөткө болжолдоону андан ары өнүктүрүү жана колдонууга киргизүү.
Салык салуу системасы, бюджетти түзүү көз карашынан алганда мамлекеттик чыгымдардын зарыл деңгээлин жана жетиштүү бирдейлигин камсыз кылып, жыл бою бюджетке кирешелердин ишенимдүү түшүшүн жөнгө салат. Бул процесс өлкөдө экономикалык активдүүлүктү стимулдоонун, салык салуунун потенциалдуу базаларын болушунча камтуу жана эсепке алуу үчүн шарт түзүүнүн негизинде ишке ашырылат.
Бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшүнө жетишүү, салыктарды башкарууну жакшыртуу, 2001-жылы салык системасынын бардык чарбакер субъектери үчүн бирдей шарт түзүү үчүн төмөнкүдөй багыттар өркүндөтүлөт:
- салыктык эсептөөлөрдүн көлөмүн мамлекеттик кирешелердин жалпы контингентинин 5%ине чейин төмөндөтүү;
- патенттик негизде жеке адамдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкерликтин түрлөрүнүн тизмесин кенейтүү;
- экономикалык иштердин айрым түрлөрү үчүн салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын киргизүү;
- жалпы салыктан түшүүлөрдө жер салыгынын үлүшүн жогорулатуу;
- мүлккө салык киргизүү;
- автомобиль жолдорун пайдаланууга салыкты жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн фондго чегерүүлөрдү этап-этабы менен жоюу;
- НДС алуу базаларын кенейтүү;
- КМШнын бардык өлкөлөрү менен кыйыр салыктарды алуу боюнча товар барган өлкөнүн принциптерине өтүүнү аяктоо;
- минералдык-сырьелук базаларды кайталап өндүрүүгө жана өнүктүрүүгө чегерүүлөрдү бир эле учурда жоюу менен гендерди пайдаланууга салык киргизүү;
- салыктык жеңилдиктерди берүүнү катуу чектөө;
- кош салык алуудан качуу жана салыктарды төлөөдөн четтеп кетүүлөрдү болтурбоо жөнүндө макулдашууларды даярдоо жана кол коюу боюнча иштерди күчөтүү;
- жергиилктүү салыктар менен жыйымдар системасын шайкеш келтирүү.
Структуралык кайра түзүүлөр
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдагы саясаты экономикалык реформаларды улантууга, реалдуу секторду өнүктүрүү жана өндүрүштү кеңейтүү үчүн шарт түзүүтө багытталат.
Республикада жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалардын мамлекеттик стратегиясына ылайык структуралык кайра түзүүлөр төмөнкүдөй багыттарды ишке ашырууну карайт:
- жеке менчик институтун чыңдоо;
- чакан жана орто ишкерликтин өнүгүшүн стимулдоо;
- экономиканын монополиялаштырылган секторлорунда атаандаш чөйрөлөрдү түзүү;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча шарттарды камсыздоо;
- ишканалардын капиталга жана алдыңкы илимий-техникалык жана башкаруучулук тажрыйбага жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;
- корпоративдик башкарууну өркүндөтүү.
Бул үчүн быйылкы жылда төмөнкү негизги маселелер чечилмекчи:
- экономиканын стратегиялык тармактарындагы ишканаларды жана өндүрүштүк эмес чөйрөдөгү объекттерди менчиктештирүү, акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик үлүшүн акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу жолу менен азайтуу;
- ишканалардын инвестициялык кызыктуулугун арттыруу, майнаптуу менчик ээлерин издөө, менчиктештирилчү ишканалардын технологиялык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл тике инвестицияларды тартуу максатында эл аралык инвестициялык тендерлерди уюштуруу боюнча ишти активдештирүү, ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестициялардын оптималдуу шайкештигин камсыздоо;
- өндүрүштүн Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарынын чөйрөсүнө тиешелүү жана анын улуттук коопсуздугун камсыздачу айрым түрлөрүнө мамлекеттик көзөмөлдү сактоо;
- ишканаларга реструктуризация жүргүзүү, рентабелдүүлүгү төмөн иш-каналарды кайра уюштуруу;
- ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө ак-адил протекция жүргүзүү,
чакан ишкердикке колдоо көрсөтүү, атаандашууга жөндөмдүү продукция чыгаруу үчүн шарттарды түзүү;
- менчик ээлеринин укуктарын коргоо;
- муниципалдык менчикти менчиктештирүүнү координациялоо жана методологиялык камсыздоо;
- өзгөргөн экономикалык шарттарды эске алуу менен менчиктештирүү боюнча колдонулуп жаткан мыйзамдарды өркүндөтүү.
Өнөр жай
2001-жылы өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыздалат, алар:
- жергиликтүү сырьелук ресурстарды пайдалануу;
- колдо болгон кубаттуулуктарды жана активдерди толугураак жана натыйжалуураак пайдалануу;
- тышкы жана ички тике инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- продукцияны сатуу рынокторун кеңейтүү.
Өнөр жайды финансылык-экономикалык жактан стабилдештирүү үчүн
шарттарды түзүүгө негизги роль ыйгарылат, анын ичинде:
- өнөр жай ишканаларынын мамлекеттик карыздарын комплекстүү реструктуралаштыруу, чарбакер субъекттердин ортосундагы төлөмдүк карыздарды азайтуу жана жоюу;
- стабилдүү салык-бажы саясатын жүргүзүү;
- экспортко багытталган жана импорттун ордун алмаштыруучу өндүрүштөрдү өнүктүрүү үчүн мамлекеттин протекциялык саясаты;
- өнөр жай ишканаларынын финансылык тартиптерин жогорулатуу, финансылык тартипти жогорулатуунун ыкмасы катары банкроттоо процедурасын чечкиндүүрөөк колдонуу;
- өндүрүштү ыкчамдатууга, инвестицияларды тартууга, чыгарылган товарлардын атаандашууга жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатууга, ишкердик чөйрөнү өнүктүрүүгө шарт түзүүчү мыйзамдык базаны өркүндөтүү;
- отун-энергетика комплексин андан ары өнүктүрүүнүн эсебинен республиканын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо.
Агрардык сектор
Агрардык секторду өнүктүрүп-өстүрүүнүн максаты өлкөнүн калкын негизги азык-түлүк товарларынын керектүү көлөмүн чыгаруу менен камсыздоо, айыл жерлериндеги жакырчылыкты азайтуу болуп кала берет.
Өндүрүштүн белгиленип жаткан деңгээлин төмөнкүдөй чараларды ишке ашыруу жолу менен камсыздоо болжолдонууда, алар:
- жер рыногун түзүү;
- финансы-кредит системасын андан ары өнүктүрүү, финансылык институттардын портфелин чоңойтуу;
- айыл чарба продукциясынын рынокторун өнүктүрүү;
- айыл чарбалык окутуу жана консультациялар кызматын өнүктүрүү;
- үрөнчүлүктү өнүктүрүү;
- ресурстарды башкарууну жакшыртуу.
Жер рыногунун иштешин камсыздоо үчүн мыйзамдык нормативдик база өркүндөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жерге жеке менчик кылууну жана ага юридикалык укукту каттоонун натыйжалуу системасын түзүү, жер участокторун нормативдик баалоонун системасын киргизүү, жер кадастрын түзүү боюнча ишти улантат.
2001-жылы айылдык товар өндүрүүчүлөргө кредит берүүнүн көлөмү көбөйтүлөт, финансылык интституттардын системасы, алардын нормативдик базалары өркүндөтүлөт.
Дыйкандардын кредиттик ресурстарга кеңири жетишин камсыздоо, айылдык калктын каражаттарын каржылоо процессине тартуу, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү, айылда бирдиктүү финансы системасын түзүү максатында региондук тармактары бар айылдык банк түзүлөт.
Товар өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү суроо-талап жана сунуштар, рыноктордогу баалар жөнүндө маалымат менен камсыздоо максатында Кыргыз агро өнөр жайлык рыноктук маалымат системасынын (КАРИС) иши күчөтүлөт.
Туруктуу үрөнчүлүктү өнүктүрүү үчүн үрөнчүлөрдүн ассоциациясы өнүктүрүлүп, ал селекционерлердин жана үрөнчүлөрдүн укуктарын коргоо, үрөндөрдүн маркетингин камсыздоо жана бардык дыйкандардын жогорку сапаттагы үрөнгө жетишин камсыздоо боюнча ишти жөнгө салат.
Өкмөт жер, суу, токой ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды көрөт.
Жеке секторду өнүктүрүү
Чакан жана орто бизнес республиканын экономикасынын ажырагыс бөлүгү болуп калды жана жыл сайын улам көбүрөөк саясий, социалдык жана экономикалык мааниге ээ болуп баратат.
Жеке ишкерликти колдоонун мамлекеттик саясатынын негизги багыттары төмөнкүлөр болот:
- лицензиялык жана сертификаттык талаптарды кыскартуу; контролдоочу органдардын жана текшерүүлөрдүн санын чектөө; кичи ишкерлик субьекттери үчүн салык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын киргизүү;
- кичи жана орто бизнес субьекттерин каттоо, контролдоо жана салык алуу системасын андан ары жөнөкөйлөтүү;
- республиканын ичинде соода агымдарынын жолундагы болгон административдик тоскоолдуктарды алып салуу;
- кредиттик ресурстарга жетүүнү камсыз кылуу;
- микрокредиттөө институтун өнүктүрүү;
- нормативдүү мыйзамдык базаларды өркүндөтүү;
- пайдаланылбаган өндүрүштүк жайларды, жабдууларды жана башка негизги фонддорду кичи жана орто ишкерлик субьекттерине өткөрүп берүүнүн эсебинен жеке ишкерликти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүү.
Социалдык сектор
Социалдык чөйрөдөгү жүргүзүлгөн реформаларга жана экономикалык өнүгүүдөгү жетишилген натыйжаларга карабастан өлкөнүн калкынын жарымынан көбүнүн турмуш деңгээлдери төмөн боюнча калууда.
Ошондуктан, 2001-жылдан баштап, 2001-2003-жылдарга жакырчылыкты кыскартуунун Улуттук стратегиясынын алкагында мамлекеттик саясаттын негизги багыты туруктуу экономикалык өсүштүн негизинде адам ресурстарын өнүктүрүү болот.
Социалдык коргоо
Социалдык коргоонун мамлекеттик институттары (мекемелери) саясаты социалдык коргоонун даректүүлүгүн өркүндөтүүнү камтуу менен жакырчылыктын кыйла чегане жеткен формаларын жумшартууга топтолот.
Социалдык коргоонун даректүүлүгүн күчөтүү багытында төмөнкүлөр каралат:
- энергия алып жүрүүчүлөргө тарифтердин жогорулоо шартында калктын жетиштүү камсыз болбогон катмарын кыйла толук камтуу;
- социалдык паспортторду киргизүү;
- жетиштүү камсыз болбогон граждандарды колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу.
Пенсиялык камсыздоо системасы
Турмуш деңгээлин жогорулатуу жана пенсионерлерди социалдык коргоону камсыз кылуу төмөнкү жолдор менен ишке ашырыла баштайт:
- пенсиянын жалпы өлчөмүн индексациялоону жүргүзүү;
- салымдардын келтирилген баалуулуктарын сактоо үчүн жеке камсыздандыруу счетторундагы салымдарды индексациялоо;
- орточо айлык акынын өсүшү аркылуу пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү, ал мыйзам боюнча орточо эмгек акынын 12 проценти деңгээлинде кармалып турат.
Эмгек рыногу жака иш менен камсыз болуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эмгек рыногунда төмөнкү багыттар боюнча активдүү иштерди жүргүзөт:
- жумушсуз граждандарга иш издөөгө жардам көрсөтүү;
- акы төлөнүүчү коомдук иштерди көбөйтүү;
- жумушсуз граждандарды, өзгөчө ишканаларды менчиктештирүү жана кайра уюштуруунун натыйжасында ишсиз калгандарды кесиптик даярдоо жана кайра даярдоо;
- жумушсуз граждандарды микрокредиттөө системасын киргизүү жана өнүктүрүү жана жумушсуз граждандарды "кредиттик союздарга" уюштуруу;
- кичи жана орто ишкерлик ишканаларын өнүктүрүүгө көмөктөшүүнүн эсебинен айыл жерлеринде жаңы жумушчу орундарды түзүү боюнча активдүү чаралар;
- аялдарды жумушка орноштуруу жолу менен жумушчу күчтүн курамында аялдардын үлүшүн көбөйтүү;
- калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү маселелерин жөнгө салуу боюнча республиканын региондорунда Үч жактуу кеңештерди уюштуруу жолу менен калкты ишке орноштуруу маселелеринде социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү.
Билим берүү
Келе жаткан жылга билим берүү секторун реформалоо саясаты төмөнкүлөргө багытталат:
- мектепке чейинки жана базалык билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана акыйкаттуулугун жогорулатуу;
- педагогдордун эмгек акысын өз учурунда жана адекваттуу төлөө;
- билим берүүнүн сапатын жакшыртуу;
- мамлекеттик заказдын негизинде билим берүү секторун финансылык колдоону камсыз кылуу;
- жогорку жана кесиптик-техникалык билим берүүнү жаңы экономикалык шарттардын жана эмгек рыногунун керектөөлөрүнө кайрадан багыттоо;
- айылдык жалпы билим берүүчү мектептерди колдоонун артыкчылыкка системасын киргизүү.
Билим берүү системасын өнүктүрүүнун башкы стратегиялык багыты болуп мурункудай эле ар бир гражданинге анын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн максимум ишке ашыруу үчүн өлкөнүн жалпы потенциалын өнүктүрүүгө алардын кийинки максимум салымы максатында шарт түзүү болуп кала берет.
"Билим берүү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы бардык окуучулардын акысыз жалпы орто билим алышын гарантиялайт, ошондуктан бардыгы жана өзгөчө окуучулардын аярлуу топтору үчүн билим алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу өлкөнүн билим берүүсүнүн мамлекеттик институттарынын (мекемелеринин) ишинде башкы стратегиялык максат болгон жана болуп калат.
Саламаттык сактоо
Калктын ден соолугунун абалы реалдуу начарлап кеткенин көңүлгө алуу менен Өкмөттүн саясаты коомдун кыйла аярлуу катмарларын камтыган бардыгы үчүн акысыз медициналык кызматтардын минимум гарантияланган тизмесине акыйкат жана бирдей жетишин камсыз кылууга топтолот. Кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча Өкмөттүн саясаты төмөнкү артыкчылыкка ээ багыттар боюнча багытталат:
- санитария-эпидемиялык ийгиликтерди жакшыруу;
- коомдук саламаттык сактоонун ролун жогорулатуу;
- медициналык кызматтарды көрсөтүү системасын реструктуралаштыруу;
- медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу.
Тышкы экономикалык саясат
2001-жылга жана кийинки жылдарга Кыргызстан Өкмөтүнүн тышкы экономикалык саясаты экономиканын реалдуу секторун структуралык кайра куруу саясаты менен тыгыз координациялоодо ишке ашырылат. Ушуга байланыштуу өлкөнүн соода жана төлөм баланстарын жакшыртууга жана алардын тартыштыгын кыскартууга андан аркы кадамдар жасалат. Импортту алмаштыруучу өндүрүш андан ары өнүгөт, алтын казып алуу, тамеки тармагы жана пахтаны кайра иштетүү продукцияларынын эсебинен экспорт өсөт.
Тышкы экономикалык саясатты ишке ашырууда төмөнкүдөй үч негизги аспектти бөлүп көрсөтүүгө болот:
- либералдуу соода режимин, анын ичинде республиканын ичинде кармап туруу;
- түрдүү аткаруу структуралары тарабынан тышкы экономикалык иш-аракеттерге каршылыктарды жана тоскоолдуктарды четтетүүнүн ишенимдүү механизмдерин түзүү жана ишке киргизүү;
- чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу;
- ата мекендик товарлар үчүн соода жана чет өлкөлөрдө кызмат көрсөтүү рынокторун кеңейтүү, алыскы чет өлкөлөр менен өз ара пайдалуу негизде соода-экономикалык байланыштарды андан ары өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу.
2001-жылы инвестициялык долбоорлорго артыкчылык берүүнү камтыган, алардын экономикалык жана финансылык натыйжалуулуктарын таңдоого негизделген Мамлекеттик Инвестициялар программасын оптималдаштыруу боюнча иштер улантылат.
Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) кириши менен республика алган бардык артыкчылыктарды тышкы соода иш-аракеттеринде ишке ашыруу жана ошол эле учурда ички өндүрүштү таза эмес атаандаштыктан коргоо, төлөм балансынын туруктуулугун жогорулатуу ж.б. үчүн ВТО караган жана сунуш кылган каражаттардын бүтүндөй арсеналын өздөштүрүү алдыда турат. ВТОнун алдында кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык республиканын улуттук бажы тарифи алдыдагы жана кийинки орто мөөнөттүү келечектеги жылдарга тышкы экономикалык иш-аракеттерди улуттук өндүрүштү коргоонун жетишээрлик деңгээлинин ортосунда ишке ашкыдай катнашты камсыз кылгыдай болуп иштелип чыгат.