Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2001-жылдын 24-февралы № 58
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" № 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Баетов калктуу конушунун бийиктиги такталганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" № 377 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Ак-Талаа району" деген бөлүмдүн 4-пунктунда райондук коэффициент графасындагы "1,20" деген цифра "1,50" деген цифрага алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пункту менеи белгиленген коэффициенттер жана кошумчалар бул токтом кабыл алынган учурдан баштап төлөнсүн.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
|