Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-июну № 1771-VI
(КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 14-мартындагы № 2299-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-ноябрындагы № 198 Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
- Д.Асылбек уулу - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
- А.Т.Алтыбаева - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү;
- И.А.Масалиев - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү;
- Д.Д.Бекешев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
- К.С.Дыйканбаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
- У.Т.Ахметов - Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аны кароодо каршылык көрсөтүүнүн расмий өкүлү;
- У.Ж.Исраилов - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри.
(КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 14-мартындагы № 2299-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөр таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 30 календардык күндөн кечиктирбестен киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Ч.Турсунбеков |