Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-июну № 1698-VI
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Мариповдун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Мариповдун отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө жол берген мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин:
республиканын бюджетинен каржыланган объекттердин курулуш-монтаж иштеринин наркын жогорулатууга;
табылган бузуулардын суммаларын бюджетке ордун толтурууну караган Эсептөө палатасынын милдеттендирүү каттарын аткарбай коюуга.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
каржылык бузуулардын классификацияларын аныктоону, резервдерди, тобокелдиктерди жана бузуулардын башка түрлөрүн, алардын мүнөздөмөлөрүн, бюджетке каражаттардын орду толтурулууга тийиш болгон/болбогон категорияны, төлөө мөөнөттөрүн жана ушул жоболорду аткарбагандыгы үчүн санкцияларды караган мыйзам долбоорун киргизсин;
төмөнкүлөр боюнча ишти улантсын:
- бюджеттик каражаттарды чыгымдоонун натыйжалуулугуна контролду жогорулатуу;
- мамлекеттик органдардын мамлекеттик сатып алууларынын жана акциялардын мамлекеттик үлүшү бар башка субъекттердин сатып алууларынын учурунда пайдаланылуучу бюджеттик каражаттардын чыгымдалышына контролдук кылуу;
- бюджеттик жөнгө салууга тиешеси бар мыйзамдарды, мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка ченемдик укуктук актыларды сактоо жана алар боюнча корутундуларды берүү;
- улутташтырылган объекттердин ишинин натыйжалуулугуна баа берүү;
- салык жана бажы төлөмдөрү боюнча берилүүчү жеңилдиктердин негиздүүлүгү жана алардын натыйжалуулугуна жана өлкөнүн бюджетине таасирине баа берүү;
- Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдагы отчетунда толук маалымат берүү менен статистиканы жана талдоо ишин өркүндөтүү;
- бюджеттик каражаттарды өлкөнүн казынасына толук кайра кайтаруу жана бюджеттик процесстерди жөнгө салуучу мыйзамдарды бузууга жол берген адамдарды тиешелүү жазалоо үчүн маселелерди чечүү максатында укук коргоочу жана башка органдар менен иштөөнү жигердештирүү.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Ч.Турсунбеков |