КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-июну № 1743-VI
"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.К.Назаров, М.И.Бакиров, А.М.Эргешов, Р.М.Туманбаева, И.И.Матраимов, С.К.Нышанов, А.С.Токторов жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2017-жылдын 28-февралындагы № 127 токтом) демилгелеген "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Ч.Турсунбеков |