Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-июну № 1746-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.З.Зулпукаров, А.Б.Баатырбеков, Б.И.Сулейманов, К.Ж.Рыспаев, А.С.Токторов, У.Б.Примов, К.С.Бокоев, О.М.Артыкбаев, Р.А.Казакбаев, Т.У.Шайназаров, М.И.Бакиров, М.К.Жеенчороев, А.Ж.Жамангулов жана А.Ү.Жапаров демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Ч.Турсунбеков |