Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-июну № 1750-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Шадиев, К.К.Иманалиев, А.М.Нурбаев, А.Б.Баатырбеков, Д.Ш.Исаева, М.Э.Сабиров, А.А.Артыков, К.Б.Орозова, А.Ж.Жамангулов жана Б.И.Сулейманов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Ч.Турсунбеков |