Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-октябры № 1944-VI
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 9-мартындагы № 1406-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 9-мартындагы № 1406-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктун тогузунчу жана онунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"А.Э.Новиков - Кыргыз Республикасынын экономика министри;
А.К.Мадумаров - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору.".
2. Макулдашуу тобу ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары | А.Өмүрбекова |