Редакцияот 02.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 2-ноябры № 1973-VI

"2017-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталган Үчүнчү фазасын (CARs-3) (TF0A4647) даярдоо үчүн Европа жана Борбор Азия региондорунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 9-октябрындагы № 655 токтому) "2017-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталган Үчүнчү фазасын (CARs-3) (TF0A4647) даярдоо үчүн Европа жана Борбор Азия региондорунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, каргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков