Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 1641-VI
"2016-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа кайра реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык механизми линиясы боюнча (ИФКА) "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Европа комиссиясынын инвестициялык гранты боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 4-майындагы № 254 токтому) "2016-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа кайра реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык механизми линиясы боюнча (ИФКА) "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Европа комиссиясынын инвестициялык гранты боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн анын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Өмүрбекова |