Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 1646-VI
Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында курман болушкан кыргызстандык жоокерлердин сөөгүн көмүлгөн жеринен Кыргызстандын аймагына кайра көмүү боюнча чаралар жөнүндө
Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында фашисттик баскынчылардан Советтер Союзун бошотууга 360 миңден ашык кыргызстандыктар катышкан. Алардын көпчүлүгү курман болушкан жана согуш жүргөн жерлерде көмүлгөн. Азыркы учурда советтик аскерлердин эстеликтери мезгил-мезгили менен вандализмдин объектилерине айланууда. Ушул жагдайларды эске алуу жана Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында курман болгон кыргызстандык жоокерлердин элесине таазим этүү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү курман болушкан кыргызстандык жоокерлердин көмүлгөн жерлеринин жана мүрзөлөрүнүн абалын иликтөөнү жана алардын сөөктөрүн Кыргыз Республикасында кайра көмүү маселесин иштеп чыгууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жергиликтүү бийликтер менен бирдикте Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында курман болушкан кыргызстандык жоокерлердин мүрзөлөрүн тийиштүү деңгээлде күтүүнү жүзөгө ашыруунун зарылчылыгы боюнча көрсөтмө берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында курман болушкан жана дайынсыз жоголушкан кыргызстандыктар жөнүндө, алар көмүлгөн жерлер тууралуу маалыматтарды камтыган маалыматтардын республикалык компьютердик банкын түзүүнүн зарылчылыгын карасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө 2017-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо, эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттерине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Өмүрбекова |