Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 1647-VI
Ош облусунун Чоң-Алай районунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө
2017-жылдын 3-майында Ош облусунун Чоң-Алай районунда болуп өткөн жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардамды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган калкка зарыл материалдык, социалдык, психологиялык, медициналык жана башка жардамдарды көрсөтүү боюнча иш-чараларды улантсын;
- мамлекеттик жана эл аралык уюмдардан жана башка булактардан түшкөн акча каражаттарын жана гуманитардык жардамдарды берүүнү тартипке салсын;
- жашап туруу үчүн жараксыз турак-жайлар боюнча комиссиянын ишин улантсын;
- жер титирөөдөн жабыркаган жарандардын турак-жайларын куруу үчүн уруксат берүүчү керектүү документтерди берүү процессин тездетсин;
- жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте боло турган өзгөчө кырдаалдар боюнча калкты маалымдоо иштерин жүргүзсүн;
- социалдык объектилердин курулушун жылдын аягына чейин бүтүрүү мүмкүнчүлүгү каралсын;
- жабыркаган жарандарды жеңилдетилген шартта курулуш материалдары менен камсыз кылуу жөнүндө бизнес-коомчулугу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана бизнес-коомчулугу менен биргеликте Ош облусунун Чоң Алай районунун аймагына кыш чыгаруучу заводдун курулушу боюнча маселени карасын;
- пенсионерлерге үч айлык пенсиялык төлөмдөрүн жана муктаж жарандарга жөлөк пулун алдын ала берүү мүмкүнчүлүгүн караштырсын;
- жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөгү контракттык негизде окуган студенттерге жана абитуриенттерге жеңилдиктерди, преференцияларды субсидияларды берүү боюнча иштерди жүргүзсүн;
- жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөгү мектеп жашындагы балдарга активдүү жайкы эс алуу уюштурсун;
- эл аралык донорлорду тартуу менен коркунучтуу участокторго бак-дарактарды отургузуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү боюнча чараларды кабыл алсын;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жоопкерчилигин күчөтсүн;
- жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте жарандардын кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандыруу боюнча иштерди активдештирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы:
- финансылык-кредиттик уюмдар менен биргеликте Ош облусунун Чоң-Алай районунда болуп өткөн жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарына мурда берилген кредиттерди реструктуризациялоо жана пролонгациялоо мүмкүнчүлүгүн карасын;
- өзгөчө кырдаалдар учурунда жарандарга кредит берүүдө форс-мажордук жагдайларды эске алуу аркылуу финансылык-кредиттик уюмдар менен иш-чараларды жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Өмүрбекова |