Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июну № 1804-VI
Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, баатыр Каба уулу Кожомкул жөнүндө толук метраждуу көркөм фильмге мамлекеттик заказ тууралуу
Бюджеттик негизде, мамлекеттик заказ катары кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, баатыр Каба уулу Кожомкул жөнүндө толук метраждуу көркөм фильмди тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, баатыр Каба уулу Кожомкул жөнүндө толук метраждуу көркөм фильмге мамлекеттик заказ тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу колдоого алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, баатыр Каба уулу Кожомкул жөнүндө толук метраждуу көркөм фильмди тартуу үчүн финансылык каражаттарды бөлүү тууралуу маселени чечсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Ч.Турсунбеков |