Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июну № 1806-VI
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаевге, А.У.Жапаровго жана И.В.Чудиновго карата козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаевге, А.У.Жапаровго жана И.В.Чудиновго карата козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Т.Зулушевдин маалыматын угуп, бул маселе боюнча аталган убактылуу депутаттык Комиссиянын корутундусун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаевдин үстүнөн Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган мезгилде анын аракетинде Кыргыз Республикасынын КЖКнин 303-статьясынын 1-бөлүгү, 305-2-статьясы менен № 150-12-253 сандуу кылмыш иши негизсиз козголуп, 2010-жылдан баштап кылмыш иштери мыйзамсыз токтотулуп, кыскартылып, кайрадан жандандырылып, тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖПКнин талаптарын бузуу менен тергөө аракеттери жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ушул токтому Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Ч.Турсунбеков |