КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-сентябры № 1856-VI
Кубанычбек Кеңешевич Кулматовду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Кеңешевич Кулматов Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордуна шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Ч.Турсунбеков |