Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-сентябры № 1866-VI
"2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 9-августундагы № 469 токтому) "2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Өмүрбекова |