Редакцияот 14.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 14-сентябры № 1868-VI

"Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган "Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 11-августундагы № 473 токтому) "Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган "Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялар жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

А.Өмүрбекова