Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 1873-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1829-VI токтому менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1829-VI токтому менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) (демилгечилер - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж.Салянова, Ж.К.Акаев, М.К.Жеенчороев, А.Ү.Жапаров, И.А.Масалиев, Н.В.Никитенко, К.Б.Орозова, Э.Ж.Сурабалдиева жана Э.Т.Токтошев) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуудагы жол-жобого кайтарылып берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1829-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Өмүрбекова |