Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-августу № 1838-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-октябрындагы № 1923-VI, 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1956-VI, 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 1998-VI, 2017-жылдын 6-декабрындагы № 2050-VI, 2018-жылдын 10-январындагы № 2176-VI, 11 апреля 2018 года № 2347-VI, 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 2348-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
Исаков Сапар Джумакадырович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна;
Шадиев Аскарбек Алимбаевич - депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында добуш берүү укугун сактоо менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министринин кызмат ордуна;
Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Султанбекова Чолпон Аалыевна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Кенекеев Дайыр Атакулович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Мукамбетов Мурат Картайбекович - Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисинин - Кыргыз Республикасынын министринин кызмат ордуна;
Абдылдаев Эрлан Бекешович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна;
Исраилов Улан Жумабекович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна;
Абдылдаева Айнур Нуралиевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна;
Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна;
Новиков Артем Эдуардович - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна;
Мурашев Нурбек Мурпазылжанович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна;
Калилов Жамшитбек - Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин кызмат ордуна;
Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна;
Кудайбердиева Гүлмира Каримовна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна;
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна;
Жумагулов Султанбек - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна;
Исакунова Таалайкул Базаркуловна - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна;
Рыскулов Уланбек Дуулатович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;
Абасканов Нурбек Эсенканович - Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-октябрындагы № 1923-VI, 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1956-VI, 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 1998-VI, 2017-жылдын 6-декабрындагы № 2050-VI, 2018-жылдын 10-январындагы № 2176-VI, 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 2347-VI, 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 2348-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтүлсүн.
3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1055-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Ч.Турсунбеков |