Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 1878-VI
"Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган "Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 11-августундагы № 473 токтому) "Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган "Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Ч.Турсунбеков |