Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры № 2160-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 35-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Шарапов Закир Эшматович Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
2. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 36-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Рысалиев Зарылбек Кылычбекович, Гайпкулов Искандер Төрөбаевич Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин;
2-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссияга - Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович, Рысалиев Зарылбек Кылычбекович, Карамушкина Ирина Юрьевна;
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"социалдык-экономикалык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияга - Икрамов Тазабек Икрамович, Мадеминов Мурадыл Ганыевич, Гайпкулов Искандер Төрөбаевич.".
3. "Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 37-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:
- Өмүркулов Иса Шейшенкулович;
- Төрөбаев Бакыт Эргешевич;
- Макеев Нурланбек Кадыкеевич;
- Иманалиев Каныбек Капашович;
- Абдылдаев Мыктыбек Юсупович;
- Туманбаева Рада Мураталыевна.".
4. "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссияга - Жунус уулу Алтынбек, Токтошев Эмил Токтакунович;";
- жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссияга - Строкова Евгения Григорьевна;".
5. "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 42-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
Төрага | Д. Джумабеков
|