КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-сентябры № 1896-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кароого киргизилген маселелер:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2015-жылдын 20-майындагы № 106 жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2015-жылдын 14-июлундагы № 163" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2017-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2005-жылдын 6-декабрында Женева шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
Алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров жана И.В.Чудиновго карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан жазык ишин козгоо жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Ч.Турсунбеков |