Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-сентябры № 1897-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 32-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- депутат Юсуров Абдимажит Лелезович Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
- депутат Масалиев Исхак Абсаматович Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
2. "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтыгынын Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 42-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- депутат Масалиев Исхак Абсаматович Кыргыз Республикасынын "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтыгынын Комитетиндеги парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
- депутат Юсуров Абдимажит Лелезович Кыргыз Республикасынын "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтыгынын Комитетиндеги парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Ч.Турсунбеков |