Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-сентябры № 1909-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров жана И.В.Чудиновго карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан жазык ишин козгоо жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров жана И.В.Чудиновго карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан жазык ишин козгоо жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 31-майындагы № 1635-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтү 2018-жылдын 1-январына чейин узартылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Ч.Турсунбеков |