Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги N 119
Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары1992-жылдын 5-марты № 803-XII КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Маданият жөнүндө (КР 1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы № 27-I, 2002-жылдын 25-июлундагы № 130,
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Биринчи глава. Маданий турмуштун негиздери Экинчи глава. Граждандардын маданият чөйрөсүндөгү укуктары Үчүнчү глава. Маданият чөйрөсүндөгү кесиптик чыгармачыл кызматкер Төртүнчү глава. Маданий баалуулуктар жана улуттук-маданий энчи Бешинчи глава. Маданий ишти уюштуруу Алтынчы глава. Маданият чөйрөсүндөгү башкаруу Жетинчи глава. Маданият чөйрөсүн финансылоо Тогузунчу глава. Эл аралык маданий ишке катышуу Биринчи глава Маданий турмуштун негиздери 1-статья. Маданият - бул демократиялык укуктук мамлекеттин зарыл бөлүгү Бул Закон инсанды ар тараптан, адеп-ахлактык жагынан өркүндөтүүжана аны рухий жактан байытуу ишиндеги мамлекеттик саясатты активдеш-тирүү максатында Кыргыз Республикасында маданиятты өнүктүрүүгө артыкчы-лык берүүгө багытталып, искусство чыгармаларын түзүүдөгү, жайылтуудагы,кењири таратуудагы, көркөм салттарды өнүктүрүүдөгү жана сактоодогу, та-рыхый эстеликтерди коргоодогу коомдук мамилелерди, уюштуруучулук укук-тук гарантияларды, кыргыз жеринде жашап жаткан жергиликтүү улуттун жанабардык элдердин кайталангыс чыгармачылыгына карата аяр мамилени жөнгөсалат. 2-статья. Маданият жагындагы мамлекеттик саясаттын принциптери Кыргыз Республикасы: өз граждандарынын көркөм чыгармачылыгынын эркиндигин; улуттук жана дүйнөлүк маданият жагында билим берүү системасынөнүктүрүүнү; маданий баалуулуктарды түзүүдө, аткарууда жана жайылтууда укуктар-дын тењчилигин камсыз кылууну; маданияттын мамлекеттик бюджеттен, коммерциялык жана кайрымдуулукфондуларынан финансыланышын шайкеш келтирүүнү; республиканын граждандарынын маданий жетишкендиктерин талкуулоо-нун, ага баа берүүнүн, экспертизадан жана сынактан өткөрүүнүн ар кандайжекече жана коомдук түрлөрүн пайдаланууну; маданий ишти уюштурууда мамлекеттик жана коомдук башталыштардышайкеш келтирүүнү гарантиялайт. 3-статья. Маданият жагындагы тил саясаты (КР 2002-жылдын 25-июлундагы N 130 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 4-статья. Маданият чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын милдеттери Кыргыз Республикасы: маданий саясатты, аны ишке ашыруу боюнча чараларды аныктоого, ар-тыкчылык берилүүчү багыттарды жана жењилдиктерди белгилөөгө; чыгармачылык ишке, маданият чөйрөсүндөгү кесиптик билим алууга жа-на социалдык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө; чыгармачыл кызматкерлердин укуктарын жана закондуу таламдарын кор-гоого; маданият байлыктарына кењири жол ачууну камсыз кылууга; маданий институттарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө; граждандардын жекече чыгармачыл ишине кийлигишпөөгө; кыргыз элинин, ошондой эле республикадагы башка улуттардын жанаэлдердин улуттук-маданий энчисин коргоого жана көбөйтүүгө; мамлекеттик-маданий баалуулуктарды законсуз түрдө алып кетүүгө жа-на менчик укугун берүүгө тоскоолдук кылууга; аларга кандай гана болбосун законсуз ээ болгондордон кайра кайта-руунун талап кылууга; маданият чөйрөсүндө эл аралык кењири кызматташтык үчүн шарттардытүзүүгө милдеттүү. 5-статья. Маданий ишке мамлекеттин кийлигишүүсүнүн чектери Мамлекет маданий ишке согушту, зомбулукту жана мыкаачылыкты, раса-лык, улуттук жана диний кастыкты пропагандалоого тыюу салуу, порногра-фиянын жана натуралдык эротикалык жайылышын болтурбай коюу жагында ганакийлигише алат. Маданият чөйрөсүндөгү граждандардын укуктарын кандай гана болбосунчектөө закон тарабынан гана белгиленет. 6-статья. Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасы келишимдердин негизинде маданият боюнча прог-раммаларды аныктайт жана ишке ашырат, башка мамлекеттер менен көркөмбаалуулуктарды алмашууну жүргүзөт. Экинчи глава Граждандардын маданият чөйрөсүндөгү укуктары 7-статья. Чыгармачылыктын эркиндиги Граждандар чыгармачылык ишке, өзүнүн оюн билдирүүнүн тиешелүү ка-ражаттарын жана түрлөрүн тандап алууга, кесиптик билим алууга, өз чы-гармаларынын тагдырын өзү чечүүгө укуктуу. Мамлекет граждандарды алардын чыгармачылык процессине кайсыл ганатараптан болбосун кийлигишүүдөн коргойт. 8-статья. Кесиптик чыгармачылык ишке укуктуулук Граждандар жекече жана коллективдүү негизде кесиптик чыгармачылыкиш жүргүзүүгө укуктуу. Маданият, адабият, көрсөтмө, кинематографиялык, сценалык, сүрөтжана кол өнөрчүлүк искусствосунун, дизайн, архитектура чөйрөсүндөгү иш-тин бардык түрлөрү, илим изилдөө жана башка көркөм акциялар чыгармачылиш болуп саналат. 9-статья. Чыгармачыл иштин натыйжаларын ишке ашырууга укуктуулук Кыргыз Республикасынын граждандары эгерде бул аракеттер Закондун5-статьясынын талаптарына карама-каршы келбесе өзүнүн чыгармачыл ишининнатыйжаларын бастырып чыгаруу, көргөзмөгө коюу, кайра түзүү жана калккакөрсөтүүнүн башка түрлөрү аркылуу ишке ашыруу укугуна ээ. Чыгармачыл иштин натыйжаларын тыюу салынган иштердин катарына кир-гизүү жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. 10-статья. Маданият байлыктарынан пайдаланууга укуктуулук Кыргыз Республикасынын граждандарына маданий баалуулуктардан жанабайлыктардан пайдаланууга укук берилет. Бул укукту чектөө баалуулуктунөзгөчөлүгү жана алардын сакталышын камсыз кылууга байланыштуу ганааныкталышы мүмкүн. 11-статья. Кыргыз Республикасынын элдеринин кайталангыс маданиятын коргоого жана өнүктүрүүгө укуктуулук Кыргыз Республикасынын граждандары улуттук, диний, маданий, кайта-лангыстыгын коргоого жана өнүктүрүүгө, маданий кыймылдарга катышууга,тиешелүү институттарды түзүүгө, өз этносунун салттарында тарбиялоого,көркөм кол өнөрчүлүктү, тилди жана адабиятты өнүктүрүүгө, республикада-гы жана чек өлкөдөгү өзүнүн мекендештери менен маданий байланышта болу-уга укуктуу. 12-статья. Турмуштун маданий дењгээлин камсыз кылууга укуктуулук Кыргыз Республикасынын граждандары турмуштун зарыл болгон маданийдењгээли менен камсыз болууга укуктуу. Граждандардын маданий турмушунунзарыл дењгээлин эске алуу мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерди,социалдык-экономикалык инфраструктураны калыптандырууда, долбоорлоо-чу-пландоочу чечимдерди кабыл алууда жана башка иште мамлекеттик орган-дар үчүн милдеттүү болуп саналат. 13-статья. Маданият чөйрөсүндө эркин билим алууга укуктуулук Кыргыз Республикасынын граждандары маданий-тарбиялык программалар-ды жана билим алуунун түрлөрүн эркин тандап алууга укуктуу. 14-статья. Граждандардын маданият чөйрөсүндө биригүүгө укуктуулугу Кыргыз Республикасынын граждандары маданият чөйрөсүндө уюмдарды,фондуларды, чыгармачыл союздарды, бирикмелерди түзүүгө, ошондой эле булсыяктуу органдарга кирүүгө укуктуу. 15-статья. Улуттардын жана этникалык топтордун маданият жагындагы тењ укуктуулугу Кыргыз Республикасы ар кандай улуттагы жана этникалык топтогу өзграждандарына өздөрүнүн маданиятын жана тилин өнүктүрүүгө, маданий мек-тептерди, ишканаларды жана мекемелерди түзүүгө болгон укугун гарантия-лайт. Үчүнчү глава Маданият чөйрөсүндөгү кесиптик чыгармачыл кызматкер 16-статья. Кесиптик чыгармачыл кызматкер Чыгармачылык иш негизги эмгектик иши жана кирешелеринин башкы бу-лагы болуп саналган граждандар кесиптик чыгармачыл кызматкер деп тааны-лат. 17-статья. Кесиптик чыгармачыл кызматкер деп таануунун шарттары Кесиптик чыгармачыл кызматкер деп таануунун шарттары төмөндөгүфакторлордун бири болгон учурда туура деп табылат: кесиптик окуу жайынан, же болбосо маданият жагында официалдуу таа-нылган адистен кесиптик билим алуу; өз чыгармаларын көргөзмөлөрдө, жарыялоо, аткаруу жана башкатүрлөрдө калкка тааныштыруу; ардак даражасын, наамдарды, сыйлыктарды кесиптик байгелерди жесыйлыктарды ыйгаруу; адистер жана коомчулук тарабынан калк алдында баа берүү түрүндөтаануу; тиешелүү кесиптик союзга (ассоциацияга, союзга) мүчө болуу. Кесиптик чыгармачыл кызматкер деп таануунун фактысы ушул Закондун7-статьясында бекемделген эркин чыгармачылык укугуна шек келтире ал-байт. 18-статья. Кесиптик чыгармачыл кызматкердин укуктары Кесиптик чыгармачыл кызматкер колдонуудагы закондорго ылайык келипчыгуучу автордук жана эмгектик укуктардын бардыгынан пайдаланат. 19-статья. Кесиптик чыгармачыл коллектив Чыгармачыл кызматкерлердин кесиптик коллективи жергиликтүү Советтекатталган күндөн тартып бирдиктүү юридикалык субъект деп эсептелет. Чы-гармачыл коллективдин составын өзгөртүүгө коллективдин өзүнүн гана ма-кулдугу менен жол берилет. Чыгармачыл коллективдин укуктук абалы колдонуудагы закондор тара-бынан жөнгө салынат. 20-статья. Кесиптик чыгармачыл кызматкерлерди социалдык жактан коргоо Кыргыз Республикасынын закондору тарабынан иши зыяндуу өндүрүшкө,тобокелге салууга, кесиптик оорулар менен ооруп калууга жана башка жа-гымсыз жагдайлардын коркунучу менен байланыштуу болгон кесиптик чыгар-мачыл кызматкерлерди коргоонун жана камсыздандыруунун өзгөчө шарттарыбелгиленет. Кесиптик чыгармачыл коллектив өзүнүн составынын толук болбогонду-гуна байланыштуу ишин жүзөгө ашырууга мүмкүн болбогон учурлар иштиубактылуу аргасыздан токтотууга тењештирилип, тиешелүү компенсацияларберилет. Төртүнчү глава Маданий баалуулуктар жана улуттук-маданий энчи 21-статья. Маданий баалуулуктар Көркөм, тарыхый, археологиялык жана этнографиялык мааниге ээ бол-гон кол менен жасалган объектилер жана нерселер (менчигинин түрүнө ка-рабастан) маданий баалуулуктар болуп саналат. Кыргыз Республикасы бийликтин жогору турган органдары аркылууулуттук-маданий менчикти каттоону, эсепке алууну, коргоону, пайдалануу-ну, көргөзмөгө коюуну камсыз кылат. Улуттук менчиктин маданий баалуу-луктарын сатуу, экспорттоо, белекке берүү, ижарага берүү жана башкабүтүмдөр тиешелүү закондордо аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. Улуттук-маданий менчиктин предметтерин бузгандык, жок кылгандык,айрым нерселерин алып кеткендик үчүн жоопкерчиликке тартуу колдонуудагызакондорго ылайык жүргүзүлөт. Улуттук маданий менчиктин объектилерин жана предметтеринкөргөзмөгө коюунун тартиби маданияттын мамлекеттик органдары тарабынананыкталат. 22-статья. Маданий баалуулуктарды алып келүүнүн, алып кетүүнүн жана башка бирөөгө берүүнүн режими Маданий баалуулуктарды алып келүү, алып кетүү жана менчик укугунберүү анын келип чыгышын, аны жөнөткөн адамды, наркын көрсөтүү жана ма-даний объектинин баяндамасы менен мамлекеттин контролдугу астында ата-йын режимдин негизинде жүзөгө ашырылат. 23-статья. Улуттук-маданий энчинин объектилерин республиканын чегинен тышкары жерлерде пайдалануу Убактылуу көргөзмөгө коюудан, гастролдук иштен, кайра калыбынакелтирүү иштеринен, аны алгачкы жолу көрсөтүүдөн, эл аралык маданий ак-цияларды өткөрүүдөн башка учурларда улуттук-маданий энчинин объектиле-рин республиканын чегинен тышкары жерлерге алып кетүүгө тыюу салынат. Улуттук-маданий энчинин объектилеринин өлкөнүн чегинен тышкарыжерде болушунун мөөнөтү жылына алты айдан ашпоого тийиш. 24-статья. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлердеги кыргыз коомдору жана маданий уюмдар менен мамилелер Кыргыз Республикасы өзүнүн чегинен тышкары жерлердеги кыргыз коом-дору жана маданий уюмдар менен кењири маданий байланыштарды жөнгө салатжана өнүктүрөт, кыргыз маданиятынын борборлорун уюштурууга көмөккөрсөтөт, атайын фондуларды түзөт, биргелешкен маданий иш-чаралардыөткөрөт, улуттук-маданий баалуулуктарды республикага кайтаруу боюнчаишти уюштурат. Бешинчи глава Маданий ишти уюштуруу 25-статья. Маданият чөйрөсүндөгү иштин түрлөрү Маданий баалуулуктарды түзүү, пропагандалоо, жайылтуу, пайдалануу-га берүү жана коргоо, маданий институттарды уюштуруу жана алардын иште-шин камсыз кылуу маданият чөйрөсүндөгү иш катары таанылат. 26-статья. Маданият чөйрөсүндөгү иштин субъектилери Маданий иш Кыргыз Республикасынын закондорунда белгиленген норма-ларга ылайык Кыргыз Республикасынын граждандары, чет өлкөлүк адамдар,граждандыгы жок адамдар жана маданий институттар тарабынан жүзөгө ашы-рылышы мүмкүн. 27-статья. Маданий институттарды түзүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук уюмдары, жерги-ликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, эрезеге жеткен граждандары, четөлкөлүк юридикалык жактар жана граждандар маданий институттарды түзүүукугуна ээ. Маданий институтту түзүүчү анын уставдык ишин жүзөгө ашыруу үчүнзарыл болгон каражаттарды берүүгө милдеттүү. Маданий институт тиешелүү органдарда катталгандан кийин өзүнүнишин жүзөгө ашырууга киришет. 28-статья. Маданий институттарды каттоо Түзүүчүсү, финансылоо булактары жана уставы көрсөтүлгөн маданийинститутту каттоо жөнүндө арыз жергиликтүү Советтерге, жана маданияттыбашкаруу органдарына берилет жана бир айлык мөөнөттө каралып чыгуугатийиш. Маданий институттун уставында: анын аталышы, ишинин чөйрөсү, тур-ган жери, башкаруу органдары жана алардын компетенциясы, мүлк түзүүнүнтартиби, пайданы (кирешени) бөлүштүрүүнүн тартиби ишин кайра уюштуруу-нун жана токтотуунун шарттары, ошондой эле башка маалыматтар (спонсор-лору, кам көрүүчүлөрү жана башкалар) аныкталууга тийиш. 29-статья. Маданий институтту каттоодон баш тартуу Маданий институтту максатка ылайыктуулугунун жүйөлөрү боюнча кат-тоодон баш тартууга жол берилбейт. Маданий институтту каттоодон баш тартуу: аталган маданий иш монополия коркунучун туудурган; ушул Закондун 5 жана 23-статьяларынын талаптары бузулган жана ма-даний баалуулуктарды пайдалануунун эрежелери сакталбаган учурларда ганамүмкүн болот. Маданий институтту каттоодон баш тартууга сот тартибинде даттаны-лышы мүмкүн. 30-статья. Маданий институттун иш жүргүзүшү Маданий институт катталган учурдан тартып юридикалык жак болупэсептелет, өзүнүн атынан иш жүргүзөт, чарбалык эсептин принциптериндеаракеттенүүгө жана өз алдынча баланска ээ болууга укуктуу. Түзүүчү жана маданий институттун ортосундагы мамилелер устав жебашка контрактык документтер менен аныкталат. Эгерде уставдан тышкаркы чарбалык иш анын уставдык ишине зыян кел-тирбесе маданий институт уставдык ишин финансылоонун булактарын толук-тоого багытталган ар кандай уставдан тышкары чарбалык ишти жүргүзөалат. Маданий институт убактылуу кесиптик жагынан иштебей калган жанажумушсуз калган, кесиптик чыгармачылык коллектив аргасыздан ишжүргүзбөй калган, ошондой эле кесиптик травма алган жана ооруп калганучурлардагы мезгилге компенсация берүүнү караган медициналык жана соци-алдык камсыздандыруу фондуларына белгиленген чегерүүлөрдү жүргүзүүгөмилдеттүү. Маданий институттун жетекчиси катары жумушка кабыл алуу, дайындоо,шайлоо же бул кызматты конкурстук негизде ээлөө жолу аркылуу жүзөгөашырылат жана ал түзүүчүнүн укугу болуп саналат. Башка кызматкерлер(техникалык жана тейлөө персоналынан башкалары) басымдуу түрдө конкурс-тук негизде контракт түзүү менен жумушка алынат. Маданий институттун чыгармачылык ишине байланыштуу маселелердичечүүдө кесиптик чыгармачыл кызматкерлердин пикирине артыкчылык бери-лет. 31-статья. Ышкыбоз чыгармачылыктын гарантиялары Ышкыбоздордун бирикмелери, өз демилгелүү коллективдер граждандар-дын, коомдук уюмдардын, ишканалардын (мекемелердин, уюмдардын) жерги-ликтүү Советтердин, алардын жашаган же иштеген жериндеги өзүн-өзү баш-каруунун аймактык-коомдук органдарынын демилгеси боюнча коммерциялык(финансылык) ишке укук берилбестен түзүлөт. Ишканалар (мекемелер, уюмдар), коомдук уюмдар, жергиликтүү Совет-тер өзүн-өзү башкаруунун аймактык-коомдук органдары чыгармачылык жанамаданий эс алуу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында граждандарга, ыш-кыбоздордун бирикмелерине, өз демилгелүү коллективдерге жана элдик че-берлерге имараттарды, материалдарды, жабдууларды, транспорт каражатта-рын, жер участокторун берүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. (КР
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясынаылайык) 32-статья. Чыгармачыл заказдар Белгилүү бир маданий милдеттерди көрсөтүү, чыгармачылык изденүүгөтүрткү берүү максатында маданиятты башкаруу органдары маданият ишкана-ларына (мекемелерине, уюмдарына) эмгек коллективдерине маданият жанаискусство ишмерлерине искусствонун (театралдык, музыкалык, хореография-лык, кино, архитектура, дизайн, сүрөт, монументалдык, көркөм колөнөрчүлүк) чыгармаларын, концерттик программаларды түзүү жана маданийкызмат көрсөтүүлөр боюнча максатка багытталган чыгармачыл заказдардыберүүгө укуктуу. Аткаруучу заказ берүүчүнүн шартталган талаптарын атка-рууга милдеттүү. 33-статья. Китепканалар Китепканалар ведомстволук баш ийгендигине жана түрлөрүнө карабас-тан ишинин негизги милдеттеринин жана принциптеринин жалпылыгына байла-ныштуу бириктирилген китепканалардын бирдиктүү системасын түзөт. Китепканалар алардын баш ийгендигине карабастан өздөрүнүн профили-не ылайык китептерди, брошюраларды жана башка басылып чыккан продукция-ларды биринчи кезекте алуу укугуна ээ. Республикалык жана илимий китеп-каналар китептердин жана башка басылмалардын акысыз берилүүчү контрол-дук нускалары жана милдеттүү түрдө алынуучу акы төлөнө турган нускаларменен камсыз кылынат. Китепканалардын фондуларына аяр мамиле кылуу, алардын сакталышыжөнүндө камкордук көрүү бардык мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, иш-каналардын, жооптуу адамдардын жана ар бир граждандын милдети. 34-статья. Музейлер Кыргыз Республикасында музейлердин ар кандай түрлөрүн өнүктүрүүгарантияланат. Музейлер материалдык жана рухий баалуулуктарды, тарыхтынжана азыркы кездеги маданияттын эстеликтерин сактоону жана кењири таа-ныштырууну камсыз кылууга чакырылган. Жергиликтүү Советтердин чечимижана маданиятты башкаруунун республикалык органдары менен макулдашуубоюнча жеке музейлер ачылышы мүмкүн. Маданиятты башкаруу органдары, мамлекеттик музейлер тарыхый, или-мий, маданий жана башка жагынан баалуу болгон нерселерди биринчи кезек-те алуу укугунан пайдаланышат. Бардык музейлер көпчүлүктүн көрүшү,алардын экспозицияларын жана илимий иштерин карап чыгуу үчүн ачык бо-лот. Кыргыз Республикасынын аймагында тарыхый-маданий, археологиялык,жаратылыш жана башка коруктар түзүлөт жана иш жүргүзөт. 35-статья. Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык тарых жана маданият эс-теликтери анын менчигин түзөт, зарылдыгына жараша кайра оњдолот жанамамлекет тарабынан корголот. Тарых жана маданият эстеликтерин коргоону камсыз кылууга, алардынатыйжалуу пайдаланууга жана кењири маалым кылууга байланыштуу коомдукмамилелер "Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Закону тарабынан жөнгө салынат. 36-статья. Көркөм көргөзмөлөр Кыргыз Республикасында өз демилгелүү жана кесиптик авторлордункөркөм көргөзмөлөрүн өткөрүү үчүн шарттар гарантияланат. Маданияттыбашкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар көркөмкөргөзмөлөрдү уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө, бул максаттарүчүн көргөзмө жайгашуучу жерлерди бөлүп берүүгө милдеттүү. Ачык аянтчаларда (көчөлөрдө, бакчаларда жана у.с.) көргөзмөлөрдүөткөрүүнүн тартиби эл депутаттарынын жергиликтүү Советтери тарабынанжөнгө салынат. Бардык коммерциялык көргөзмөлөр келишимдердин негизинде уюштурулатжана өткөрүлөт. 37-статья. Кино жана көрсөтмө фильмдерди прокатка берүү Кыргыз Республикасында кинолорду жана көрсөтмө фильмдерди көрсөтүүкино жана көрсөтмө фильмдерди прокатка берүү тармагы аркылуу жүргүзүлөтжана республикалык закондордо белгиленген тартипте жергиликтүү Советтертарабынан катталат. Кино жана көрсөтмө продукцияларды прокатка берүү тиешелүү органдартарабынан берилүүчү уруксат кагазына ылайык жүзөгө ашырылат. 38-статья. Басма иши Кыргыз Республикасында басма ишинин жана басылып чыккан продукция-ларды таратуунун эркиндиги гарантияланат. Басмалар бастыруулардын пландарын өз алдынча түзүшөт жана бекити-шет, окуучулардын талаптарын жана калк жана ведомстволук китепканалар-дын керектөөлөрүн эске алуу менен алардын нускаларын аныкташат. Мамлекеттик органдар артыкчылык берилген багыттар: улуттук темати-ка, окутууга байланыштуу адабияттар, балдар үчүн китептер, маданият жа-на искусство боюнча, ошондой эле экспортко жиберүү боюнча басма сөзпродукцияларын чыгарууга заказ берүүгө укуктуу. 39-статья. Театрлар Театр ведомстволук да, өз алдынча юридикалык субъект катарында даболушу мүмкүн. Театрдын ишинин негизги максаттары калктын маданий керектөөлөрүнкалыптандыруунун жана түзүүнүн милдеттери менен аныкталат. Тигил же бул театрдын ишине мамлекеттин кийлигишүүсү келишим жанаКыргыз Республикасынын тиешелүү закондору тарабынан регламенттелет.Спектаклдерди калкка көрсөтүүгө же аны башка түрлөрдө пайдаланууга тыюусалуу ушул Закондун 5-статьясынын негизинде гана жүргүзүлөт жана соттартибинде даттанылышы мүмкүн. Алтынчы глава Маданият чөйрөсүндөгү башкаруу 40-статья. Маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруу Бийлик жана башкаруу органдарынын маданият тармагындагы компетен-циясы ушул Закондун 4-статьясы тарабынан аныкталган. Эл депутаттарынын жергиликтүү Советтеринин, жергиликтүү мамлекет-тик администрациянын компетенциясы Кыргыз Республикасынын закондору та-рабынан аныкталат. Эл депутаттарынын жергиликтүү Советтери калкты мада-ний жактан тейлөөнү республикада белгиленген нормативдердин жана гаран-тияланган бюджеттик каражаттардын дењгээлинде камсыз кылууга милдеттүү.Эл депутаттарынын жергиликтүү Советтери жана жергиликтүү мамлекеттикадминистрация Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык закондорунаылайык өз каражаттарынын эсебинен жергиликтүү өзгөчөлүктөргө ылайык ма-даниятты өнүктүрүү боюнча өз программаларын жана иш-чараларын иштеп чы-гат жана жүзөгө ашырат. Эл депутаттарынын жергиликтүү Советтери жана жергиликтүү мамлекет-тик администрация өз аймагында маданияттын өнүгүшү үчүн толук жоопкер-чиликте болот. Маданиятты башкаруунун тармактык органдары Кыргыз Рес-публикасынын закондоруна ылайык искусство жана маданият мекемелерининишин координациялоону жүзөгө ашырып, аларга уюштуруучулук-методикалыкжардам көрсөтөт. 41-статья. Маданият чөйрөсүндөгү коомдук уюмдардын иши Маданий иш чөйрөсүндөгү коомдук уюмдар өздөрүнүн максаттарына жанамилдеттерине ылайык искусствону өнүктүрүүгө жана жайылтууга, маданийдењгээлди калыптандырууга, граждандарды ар түрдүү көркөм баалуулуктарменен тааныштырууга, чыгармачыл кызматкерлердин жана ышкыбоздордун ке-сиптик чеберчилигин өстүрүүгө, алардын таламдарын коргоого көмөккөрсөтүүгө чакырылган. Кесиптик союздар Кыргыз Республикасынын кесиптик союздар жөнүндөЗаконуна жана кесиптик союздардын Уставдарына ылайык иш жүргүзүп, граж-дандардын эмгектик, социалдык, турмуш-тиричилик жана башка кесиптик та-ламдарын коргойт. Алар өз мүчөлөрүнүн рухий жактан калыптанышына, мада-ний жактан өнүгүшүнө жана эстетикалык тарбия алышына көмөк көрсөтөт. Жазуучуларды, театр ишмерлерин, композиторлорду, архитекторлорду,художниктерди, кинематографтарды, дизайнерлерди, элдик таланттарды би-риктирген чыгармачыл союздар (коомдор, бирикмелер. ассоциациялар) ыкты-ярдуу уюмдар болуп саналат. Бул союздар өзүнүн ишин өзүн-өзү актоонунжана өзүн-өзү финансылоонун негизинде жана тиешелүү фондулук каражат-тардын эсебинен уюштурушат. Чыгармачыл союздардын, коомдордун, бирикмелердин, ассоциациялардынукуктук абалы республиканын коомдук бирикмелер жөнүндө закондору тара-бынан аныкталат. 42-статья. Маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик-коомдук уюмдардын иши Маданияттын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыњдоо,республикада маданиятка жетекчилик кылуунун дењгээлин жогорулатуу масе-лелерин чечүү үчүн республикада мамлекеттик-коомдук органдар, фондулар,советтер, комиссиялар жана у.с. түзүлөт жана иш жүргүзөт. Алардын ишинуюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын закондору тарабынан аныкта-лат. 43-статья. Маданият жана искусствонун кесиптик кызматкерлерин даярдоо Мамлекет маданият кызматкерлерин жана искусство ишмерлерин даярдооүчүн зарыл шарттарды түзүү тууралу кам көрөт. Кыргыз Республикасы кыргыздын улуттук маданиятын жана искусствосункайра жаратуу жана өнүктүрүүнү жүзөгө ашырууга чакырылган кадрларды да-ярдоонун артыкчылык берилген багыттарын белгилейт. Кыргыз Республикасында маданият жана элге билим берүү органдарыменен тиешелүү түрдө макулдашылган окуу программалары бар маданияттынжана искусствонун жекече окуу жайлары ачылышы мүмкүн. Жетинчи глава Маданият чөйрөсүн финансылоо 44-статья. Маданият чөйрөсүн финансылоонун булактары Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсү кеминде 3 проценткөлөмүндө Республикалык бюджеттен финансыланат. Билеттерди сатуудан, чыгармачылык жана басылып чыккан продукция-ларды, сатып өткөрүүдөн, басма ишинен, аудио, кино жана көрсөтмө филь-мдерди прокатка берүүдөн, калкка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөналынган жыйымдар, мамлекеттик, кооперативдик, коомдук ишканалар, уюм-дар, мекемелер менен келишимдер боюнча аткарылган иштер (кызматкөрсөтүүлөр) үчүн келип түшкөн каражаттар; акы алып кино көрсөтүүдөнтүшкөн акчалар, ишканалардын, кооперативдердин, коомдук уюмдардын,граждандардын ыктыярдуу төлөөлөрүнөн жана башка келип түшкөн каражаттармаданият мекемелерин финансылоонун булактары болуп саналат. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын за-кондоруна ылайык эл депутаттарынын жергиликтүү Советтери маданият меке-мелерин күтүүгө өз бюджетинен кошумча каражаттарды өз алдынча бел-гилөөгө укуктуу. 45-статья. Каражаттарды маданият чөйрөсүнө чыгымдоо Маданият каражаттары: маданият мекемелеринин ишин финансылоого: социалдык-чыгармачыл заказдар боюнча иш-чараларды өткөрүүгө; борборлоштурулган жана башка иш-чараларды финансылоого жумшалат. 46-статья. Маданият чөйрөсүндөгү валюталык каражаттар Пайдаланылуучу маданий баалуулуктарды жана улуттук-маданий энчининобъектилерин пайдалануудан түшкөн валюталык каражаттар толугу мененулуттук-маданий энчинин сакталышын жана толукталышы камсыз кылууга жум-шалат. (КР
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясынаылайык) 47-статья. Чарбалык эсептеги маданий ишканалардын, бирикмелердин жана уюмдардын пайдасына салык салуунун тартиби (КР 1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы N 27-I Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 48-статья. Маданиятты материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Маданият мекемелерин, ишканаларын, уюмдарын жана чыгармачыл кол-лективдерин белгиленген нормативдерге ылайык зарыл болгон шаймандар,музыкалык аспаптар, жабдуулар жана башка материалдык-техникалык кара-жаттар менен артыкчылык берип камсыз кылуу гарантияланат. Балдар жанаөспүрүмдөр менен иш жүргүзгөн маданий мекемелер материалдык-техникалыкжагынан биринчи кезекте камсыз болуу укугунан пайдаланат. Сегизинчи глава Маданият чөйрөсүндөгү эмгекке акы төлөө, социалдык гарантиялар жана укуктардын корголушу 49-статья. Маданияттын бардык ведомстволорунун кызматкерлеринин бирдейлиги Ведомстволук таандык болгондугуна карабастан бардык маданий ишка-налардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери коомдук мамилелер,социалдык камсыздандыруу жана камсыздоо чөйрөсүндө бирдей укуктарданпайдаланышат. 50-статья. Маданият кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн гарантиялары Мамлекеттик маданий ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кыз-маткерлеринин акыларынын жана кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү респуб-ликанын Өкмөтүнүн токтомдору тарабынан белгиленет. Эмгек акынын эњ жогорку чеги коюлбайт жана эмгектин сапатына, са-нына жана түрүнө, эмгек акы фондусуна бөлүнгөн каражаттын чегине ылайыкбелгиленет. Бардык маданий кызматкерлер, маданий ишканалардын, мекемелердинжана уюмдардын, мамлекеттик органдардын жетекчилери ардак наамдарынажана ээлеген кызматтарына карабастан мезгил-мезгили менен аттестацияданөтүшөт. 51-статья. Маданий баалуулуктарды жењилдик берүүчү шарттарда көрсөтүү Иши улуттук-маданий энчи менен байланыштуу болгон маданий инсти-туттар балдар, окуучулар, курсанттар жана мөөнөттүү аскер кызматындагы-лар үчүн акысыз көрүү күндөрүн белгилөөгө милдеттүү. Маданиятчөйрөсүндөгү башка жењилдиктер Кыргыз Республикасынын закондору тарабы-нан белгиленет. 52-статья. Улуттук-маданий институттарды түзүүнүн гарантиялары Республиканын аймагында жашаган улуттук топтун үчтөн биринин100дөн кем эмес адамдын колу коюлуп күбөлөндүрүлгөн арызы боюнча жерги-ликтүү Советтер улуттук-маданий институттун иши үчүн зарыл шарттардытүзүшөт. Улуттук-маданий борборлор, коомдор жана жердешчиликтер тиешелүүзакондордун негизинде иш жүргүзөт. 53-статья. Автордук укуктарды коргоо Кыргыз Республикасында автордук укуктарды коргоо гарантияланат.Автордук укуктардын объектилеринин тизмеси республиканын закондору жанаэл аралык конвенциялар боюнча актылар тарабынан белгиленет. 54-статья. Маданият чөйрөсүндөгү монополияга каршы чаралар Маданий иштин белгилүү бир жагындагы монополияга каршы жүйөлөр бо-юнча сотко кайрылуу иш боюнча соттун чечими чыгарылганга чейин маданийинститутту каттоону токтото турат. Маданий иштин белгилүү чөйрөсүндө монополияга алып келүүчүлүккөжол берилбейт. Бир дагы маданий программа маданият чөйрөсүндө монополиялык маани-ге ээ болууга, башка программаларды жана граждандык эркин тандап алуумүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга мүмкүн эмес. 55-статья. Маданият чөйрөсүндө менчикти мамлекеттен ажыратуу жана приватташтыруу Маданият чөйрөсүндө менчикти мамлекеттен ажыратуу жана приватташ-тыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн контролдугу жана уруксаты мененжүзөгө ашырылат. Мамлекеттин карамагында жана коргоосунда болгон улуттук-маданийэнчинин объектилери жана мекемелери мамлекеттен ажыратылбайт жана при-ватташтырылбайт. 56-статья. Маданият чөйрөсүндө закондорду бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын закондору тарабынан маданият чөйрөсүндөукук бузгандыгы үчүн уголовный, административдик, материалдык жана баш-ка жоопкерчилик белгиленет. Маданият чөйрөсүнө келтирилген материалдык жана моралдык зыянкүнөөлүү адам тарабынан белгиленген тартипте оорду толтурулат. Тогузунчу глава Эл аралык маданий ишке катышуу 57-статья. Маданият чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык Маданий ишканалар, мекемелер жана уюмдар, чыгармачыл коллективдержана союздар, коомдук уюмдар чет өлкөлүк юридикалык жактар жана адамдарменен маданият чөйрөсүндө кызматташуунун кандай гана болбосун түрү бо-юнча Кыргыз Республикасынын закон актыларына карама-каршы келбеген ке-лишимдерди (контракттарды) өз алдынча түзүүгө укуктуу. Мамлекет маданият чөйрөсүндө эл аралык алмашууну өнүктүрүүгө көмөккөрсөтүүгө милдеттүү, буга кесиптик чыгармачыл кызматкерлер жана кол-лективдерди, адистер жана студенттерди, маданий балуулуктарды (искусс-твонун чыгармалары, илимий изилдөөлөр, музей экспонаттары жана у.с.),ошондой эле маданият чөйрөсүнүн ар кыл чөйрөсүндөгү уюштуруучулук иштинтажрыйбасын алмашып туруу кирет. 58-статья. Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүндөгү эл аралык макулдашуу-лары анын бүткүл аймагында милдеттүү түрдө аткарылат. 59-статья. Мамлекеттин өз граждандарынын жана чет өлкөдө жашаган мекендештеринин маданий сунуш-талаптарын канааттандырууга көмөк көрсөтүүсү Кыргыз Республикасы өз граждандарынын жана чет өлкөдө жашаган ме-кендештеринин маданий сунуш-талаптарын канааттандырууга көмөк көрсөтөт. 60-статья. Чет өлкөлүк граждандардын жана граждандыгы жок адамдардын укуктары Чет өлкөлүк граждандар жана республиканын аймагында жашаган граж-дандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын закондорунда белгиленгентартипке ылайык көркөм чыгармачылыкка жана маданияттын жетишкендиктери-нен пайдаланууга укуктуу. 61-статья. Кыргыз Республикасынын гражданынын чет өлкөдөгү чыгармачылык иши Эл аралык макулдашууларга ылайык республиканын граждандарына улут-тук мамлекеттердин аймагында маданий баалуулуктарды өндүрүү боюнча ишжүргүзүүгө жана андан киреше алууга укук берилет. 62-статья. Маданият чөйрөсүндө эл аралык уюмдарга катышуу Республиканын аймагында эл аралык маданий уюмдардын филиалдары жа-на ассоциациялары түзүлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын ар кандай ма-даний институту эл аралык маданий уюмга кирүүгө өз катарына чет өлкөлүкграждандарды тартууга, валюталык каражаттарды өз алдынча тескөөгө укук-туу. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев