Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2001-жылдын 27-марты N 132
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу -мамлекеттеринин мезгилдүү басма сөз тармагында кызматташуу тууралуу Макулдашуусун бекитүү жөнүндө
1999-жылдын 4-июнунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу - мамлекеттеринин мезгилдүү басма сөз тармагында кызматташуу тууралуу Макулдашуусунун 14-статьясына ылайык мамлекеттик ички процедураларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 1999-жылдын 4-июнунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу - мамлекеттеринин мезгилдүү басма сөз тармагында кызматташуу тууралуу Макулдашуусу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуу күчүнө кириш үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедуралар Кыргыз Республикасында аткарылгандыга тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу Комитетине маалымдасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кыргыз Республикасыиын транспорт жана коммуникациялар министрилигине жүктөлсүн.
4. Бул токтом массалуу маалымат каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр К.Бакиев