Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2001-жылдын 27-марты N 133
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктун жетекчиликке алуу менен токтом кылат:
1. "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Мыйзам чыгаруу жыйынына
"Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Б.Ж.Жураев жана Ө.Ч.Текебаев иштеп чыккан "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 921-статьясына ылайык Кыргыз Республикасында камсыздандыруу ыктыярдуу жана милдеттүү болушу мүмкүн. Милдеттүү камсыздандыруу Мыйзамда белгиленген адамга камсыздандырылуучу катары өмүрүн, ден соолугун же башка адамдын мүлкүн, же болбосо өз эсебинен, же таламдаш адамдардын эсебинен башка адамдын алдындагы граждандык жоопкерчилигин камсыздандыруу милдети жүктөлгөн учурларда гана жүргүзүлөт, ал эми түшүмдү камсыздандыруу жогоруда көрсөтүлгөн статьяга ылайык милдеттүү эмес болуп эсептелет. Берилген Мыйзам долбоору азыркы учурда кошумча иштеп чыгууну талап кылат. Андан сырткары бюджеттик каражаттардын чектелгендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түшүмдү милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу кайруусун төлөп берүүгө мамлекеттик бюджеттен жыл сайын каражат берүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө ала албайт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде уигул мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга жиберүүнү максатка ылайык келет деп эсептейбиз. Ошону менен бирге ушул Мыйзам долбоорунун биротоло бүткөн вариан- тын иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу зарыл деп эсептейт.
1. 1-статьянын үчүнчү пунктчасындагы "тендердик негизде айыл чарба өсүмдүктөрүн милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандырууну жүргүзүүгө лицензияга" деген сөздөрдү тийиштүү жөндөмөдө "камсыздандыруу иш-аракеттерин жүргүзүүгө лицензияга" деген сөздөр менен алмаштыруу.
2. 4-статьяда суу болбой калуунун натыйжасында эгиндин күйүп кетүүсүн камсыздандырууну алып салуу зарыл, анткени практика көрсөткөндөй, эгерде кургакчылык болсо, анда ал республиканын кеңири аймагын камтыйт жана эт бир камсыздандыруу компаниясы түшүмдүн бардык чышмын калыбына келтире жана камсыздандыруу суммасын төлөп бере албайт.
Мындай камсыздандырылган учурда камсыздандыруу компаниясы үрөндүк материалдын наркын жана себүүнүн алдындагы жер айдоого кеткен чыгымдын бир бөлүгүн төлөп бериши керек.
Ушул эле статьяда экинчи абзац да алып салынышы керек, анткени эгерде колдонулган биохимикаттар натыйжа бербесе, анда ага камсыздандыруу компаниясы эмес аны саткан юридикалык жак жооп берет.
3. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 951-статьясына ылайык камсыздандыруу келишиминин иш-аракетте болуу мезгилинде камсыздандырылуучу ушул главанын эрежелерине жана келишимдин шарттарына ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
- эгер камсыздандыруу сыйлыгы келишим түзүүдө толук төлөнбөсө камыздандыруу акыларын өз учурунда төлөөгө;
- камсыздандыруунун ошол эле обьектисине карата камсыздандыруунун башка келишимдерин түзүү жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;
- камсыздандыруу тобокелчилиги көбөйгөндүгү жөнүндө камсыздандыруучуга дароо кабарлоого (953-статья);
- камсыздандыруу учуру келгендиги жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө (955-статья) жана аны күбөлөндүрүүгө чараларды көрүүгө;
- камсыздандыруу учурунан зыяндарды азайтууга чара көрүүгө (954-статья).
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 6-статьясынын экинчи бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жогоруда аталган статьяларына ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз.
4. 7-статьянын жетинчи пунктчасында камсыздандыруу тобокелчилиги жөнүндө айтылат, бирок Мыйзам долбоорунун эч бир жеринде ушул түшүнүккө аныктама берилбейт.
5. 10-статьянын экинчи пунктчасындагы экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяядалышы керек: "Айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү камсыздандыруу наркын эсептөө үчүн ушул айыл чарба өсүмдүгүн өндүрүүчүнүн чарбасында ушул жылдын эгини эгилген аянтка эсептегендеги биологиялык
түшүмдүүлүктү аныктоо боюнча түзүлгөн актылардын негизинде аныкталат".
6. 13-статьяны "камсыздандыруу сыйлыгы" түшүнүгү бөлүгүндө 1-статьяга ылайык келтирүү зарыл. Ушул статьяда жана 14-статьяда камсыздандыруу сыйлыгы - бул камсыздандыруу төлөмү ал эми 1-статьянын онунчу пунктчасында - камсыздандыруу акысы (сыйлык).
7. Мыйзам долбоорунун 15-статьясы мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айрым түрлөрүн милдетүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларын 50 % компенсациялоо түрүндө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоону карайт. Бул максаттарга айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн бирдиктүү айыл чарба (жер) салыгынын базалык ставкасынын 20 %и жиберилет. Бул салык маселелерин башка мыйзамдарга камтууга тыюу салган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-статьясына карама-каршы келет.
Андан сырткары айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айрымдары боюнча гана түшүмдү милдеттүү түрдө камсыздандырууга компенсация төлөөнү чектөө башка камсыздандырылуучулардын укуктарын кемсинтет деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу милдеттүү камсыздандырууга жаткан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдөрүнүн бардыгына компенсация жүргүзүүнү сунуш кылабыз.
8. 16-статьянын экинчи бөлүгүндө камсыздандыруу учурун бекемдөөгө тийиш болгон компетенттүү органдардын корутундуларынын толук тизмесин берүү зарыл деп эсептейбиз. Сунуш кылынган редакция зарыл болгон документтерди талап кылууда өз эркинче түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
9. 17-статьяда каза болгондугу жөнүндө кабарлоо мөөнөтү 7 суткага чейин үзартылышы керек, анткени 3 сутканын ичинде камсыздандыруучуга кабарлоого аздары эле үлгүрүшөт. Ушундай бюрократтык тоскоолдун натыйжасында талаш-тартыштуу жагдайлар пайда болушу мүмкүн.
10. 18-статья комиссиянын болжолдуу курамы же анын курамында кимдер болушу керектиги көрсөтүлгөн абзац менен толукталышы керек. Комиссиянын курамына сөзсүз түрдө айыл өкмөтүнүн, камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү, камсыздандыруучунун өзү, ошондой эле ар кандай деңгээлдеги депутаттар кириши керек.
Премьер-министр К.Бакиев