Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-январы № 2018-П-14/2-6-(ПС)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамынын 26-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамына таянуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/9 "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.
6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана эл аралык төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т.Абдыгулов |