КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы № 2018-П-12/7-7-(НПА)
"Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозит эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозит эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
| Н.Жениш |